Атазов 18-20 жаштагы кыздарды ата-энеси же күйөөсү жок өлкөдөн чыгарбоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 9-июндагы жыйында 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энелеринин коштоосунда гана чыгарууну сунуштады.

Ошондой эле Атазов кыздарга Кыргызстандан чыгууну күйөөгө тийгенден кийин уруксат берүү керек деп эсептейт. Өзүнүн демилгесин депутат миграция көйгөйү менен байланыштырды.

«Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак, турмушка чыккандан кийин чыкса, же болбосо ушул багытта миграция тармагы бизге атайын комитетке келип маалыматтарды берсе. Бул боюнча мыйзамдарды дагы карасак», — деди Атазов.

Депутат Конституцияда Кыргызстандын жараны республиканын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу деп жазылып турганына карабастан ушундай сунушту киргизди. Баш мыйзамда өлкөдөн чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет деп жазылган.

Ушундай эле сунуш парламентте акыркы жолу 2013-жылы каралган. Анда КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева токтомдун долбоорун сунуштаган. Долбоордо 23 жашка чейинки кыздарды ата-энесинин макулдугусуз чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу тууралуу жазылган.

Кадыралиева бул документ менен адам сатууга жана сексуалдык кулчулукка каршы күрөшүүнү каалаганын айткан. Анаткен менен анын демилгесине сын-пикирлер айтылган.