Аквапаркта чөгүп каза тапкан окуучунун өлүмү: Мектеп директору иштен алынат

«Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза тапкан бала окуган №95 мектептин директору кызматтан алынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачёва мектеп директорун иштен бошотуу боюнча комиссиянын чечими бар экенин билдирди.

«Чечим бар, бирок биз аны директор ооругандыгы боюнча өргүүдө жүргөндүктөн кабыл ала албай жатканбыз. Каза тапкан баланын класс жетекчисин да бошотуу чечими бар. Ал эми калган мугалимдерди иштен бошотуу тууралуу буйрукту Билим берүү башкармалыгы эмес, директор өзү чыгарган», — деди Мозгачёва.

Жыйынга №95 мектептин директору Айгүл Шимова өзү да катышты. Ал балдарды аквапаркка эс алууга алып кетишкен күнү мектепте болгонун айтты.

«Негизи түштүк тараптагы кире бериш гана ачык болот. Ошол күнү бусиктер түндүк жагынан киришкен. […] Окуу-тарбия процесстери дайыма көзөмөлүмдө болчу. Өзүмдөн жоопкерчиликти алып жаткан жерим жок. Бул орду толгус жоготуу» , — деп ал.

Депутат Жаныбек Асанбеков директорду кызматынан алып, бошотулган мугалимдерди жумушка кайтаруу керектигин белгиледи.

«Сиз — мектептин директорусуз, бирок жомок айтып отурасыз. 232 окуучуну алып кетишиптир, сиз болсо байкабай калдым дейсиз. Бул жерде толтура бала тууралуу сөз болуп жатат да [...] Мектептин администрациясы кабардар болгон эмес деген болбогон кеп», — деди Асанбеков.

Ал эми депутат Элизавета Алымбаева балдардын эс алуусуна керектелгенден да көп акча чогултулганын билдирди.

«Көрсө ар бир баладан 750 сомдон алыныптыр. Бул ири сумма. Ошол күнү аквапаркта арзандатуу болгон экен — 250 сомдон. Калган акчаны [мугалимдер] сиз менен бөлүп алышса керек. Болбосо акча кайда кетмек?» — деп сурады ал.

Буга мектеп директору акча боюнча кабары жоктугун айтып жооп берди.

Аквапаркка чөгүп каза тапкан 9 жаштагы Атай

6-июнда № 95 мектептин 3-классынын окуучусу Атай Аскат уулу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен.

Баланын апасы уулу аквапаркка классы менен кеткенин айтып берген. Анын айтымында, окуучулар аквапаркка барардын алдында, балдарга куткаруучулар менен эки чоң киши көз салып карап турарын айтышкан.

Баланын энеси кырсыктан кийин тез жардам дароо чакырылбаганын да билдирген. Ал медиктер аквапаркка өзү жетип баргандан кийин гана артынан келишкенин айткан.

Аялдын айтымында, медиктер баланы көрүп, окуучу тез жардам келгенге чейин эле жан бергенин айтышкан.

«Бизди, ата-энелердин баарын ал жерде куткаруучулар болот деп ишендиришкен да. Уулумдун өлүмү үчүн эми ким жооп берет? Бир айдан кийин, 12-июльда, 10 жашка чыкмак», — деп жазган баланын энеси.

Кийин баланын өлүмүнө байланыштуу аквапаркта эч алууну уюштурган мектептин алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн эки башчысы иштен алынган.