Байсалов окуучунун өлүмү тууралуу: Кырсык дүйнө жүзүндө болуп турат, ал жашообуздун бир бөлүгү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 10-июндагы Адам укуктары боюнча улуттук диалог жыйынында аквапаркта сууга чөгүп каза болгон 3-класстын окуучусунун өлүмү боюнча пикирин билдирди. Ал дүйнөдө мындай кырсыктар болуп турарын айтып, «бул жашообуздун бир бөлүгү» деди.

Ал мындай кырсыкка мисал катары, өткөн жылы Бишкектеги №87 орто мектепте 11 жаштагы кыздын эс-учун жоготуп ооруканага жетпей каза болгонун эске салды.

«Бул чынында эле кырсык, трагедия. Мындай кырсыктар болуп турат. Мисалы, бир жыл мурдагы 11 жаштагы кыздын мектепте приступ болгонун алалы. Ал оорулуу, төрөлгөндө эле жүрөгүндө кемтиги болгон. Ата-энеси үч күн бою арызданганына карабай аны мектепке жөнөтүп жиберген. Кыз өзүн жаман сезгенде тез жардам чакыртып, ооруканага жеткиришкен, бирок анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес», — деди Байсалов.

*Өткөн жылы 11-мартта Бишкекте ооруканага бараткан жолдо №87 мектептин 5-классынын окуучусу 11 жаштагы Гүлзейнеп Галбаева каза болгон. Апасы кызы эртең менен жакшынакай эле мектепке кеткенин, бирок мектепке барып эс-учун жоготкондо мугалимдер «шалаакылык кылып дароо тез жардам чакырган эместигин» айткан. Мектепке апасы келип окуучуну ооруканага алып баратканда кыз жолдо каза болуп калган. Кыздын апасы мектептин жетекчилигин жоопко тартууну талап кылган.

«Апасы аз эле жерден пикет уюштуруп жибере жаздады, өкмөт өкүлдөрүнүн унаасына асылып. Кийин мектеп директору иштен алынды. Ал абдан тажрыйбалуу аял, башка мектепке которулган. Апасы ошол мектепке келип ал жерден да иштен алдыртты. Ал бул жөн эле кырсык эмес, мектеп директорунун күнөөсү деген», — деди ал.

Минкабдын төрагасынын орун басары укук коргоочулар менен акыйкатчыга кайрылып, башка адамдардын да укугун карап, ушундай кырсыктардын алдын алуу үчүн чоң маселелердин үстүндө иштейли деп сунуштады.

«Бул жер болсо жабык имарат, куткаруучулар жок болсо, чынында бул чоң мүчүлүштүк жана трагедия. Биз тез жардам эмнеге кеч келген деп талкуулай беришибиз мүмкүн. Бирок мен өкмөттүн өкүлү жана укук коргоочу катары адам укугун жазалоочу, жазалоочу, жазалоочу, жазалоочу куралга айлантууга умтулбайлы», — деди ал.

Ал эми акыйкатчы Атыр Абрахматова Эдил Байсаловдун сөзүнө жооп берип, мындай окуяларда эч ким жазаланбаса кайталана берерин айтты.

«Бир, эки, үч жолу жазасыз калса, системага айланат. Ал эми жазасыз калган бир-эки учур жоопкерчиликсиз системаны негиздейт, ал иштебесе, анда каталарды моюнга албай, оңдобой коё албайбыз. Тилекке каршы биз балдардын коопсуздугун жана укуктарын сактоо маселесин белгилүү бир стандартка келтире албайбыз», — деди акыйкатчы.

Абдрахматова 11 жаштагы кыздын мектепте эс-учун жоготуп каза болгонуна токтолуп, окуучунун өлүмүнүн себеби аныкталбаганын жана эне ошол учурда «акыйкат издеген» деп түшүндүрдү.

«Кыздын өлүмүнүн себептери аныктала элек, экспертиза да дайындалган эмес. Андыктан баласын жоготкон эне акыйкаттык издеген. Аквапаркта, мектепте, Ысык-Көлдө, автобуста коопсуздук эрежелери сакталган эмес», — деди ал.

Аквапаркка чөгүп каза тапкан 9 жаштагы Атай

Атай Аскат уулу.

6-июнда № 95 мектептин 3-классынын окуучусу Атай Аскат уулу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен. Окуучуларды бассейнге мугалими менен эки ата-эне коштоп барган. Бирок баланын чөгүп жатканын алгач эч ким байкаган эмес.

Куткаруучулар менен медайым балага жасалма деп алдыруу жасаган. Бирок окуучу ошол жерде жан берген.

Атайдын апасы Асел Азыкова уулу бир айдан кийин 10 жашка чыкмак деп сыздап отурган чагы. Ал мектепте эс алуу уюштурулганда «куткаруучулар болот» деп айтышкандыктан уулум ишенип жибергенин айтат.

Аял окуяга мектеп директорун жана аквапарктын жетекчилигин күнөөлүү деп, аларды жазага тартууну талап кылууда. Анын айтымында, ошол күнү эс алуу жайында 200-300 бала болгонуна карабастан коопсузук каралган эмес.

«Эки жарым жылдан бери чоң оорууга кабылгам. Дарыланчумун. Ушул балам эле мага дем берчү [...] Эми ким жооп берет? Эмне үчүн ошончо баланы ал жакка алып барышты. Бала суудан калкып чыгып калганча эмне кылышты алар айтыңыздарчы?!» — деп суроо салган ал.

Учурда Октябрь РИИБи бул окуя боюнча «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат. Ал эми окуучунун өлүмүнөн кийин «Ала-Тоо» аквапаркы убакылуу ишин токтотту.

Кийин баланын өлүмүнө байланыштуу аквапаркта эс алууну уюштурган мектептин алты мугалими менен эки завуч иштен алынган. 10-июлда Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачёва мектептин директору кызматтан алынат деп ишендирди.

Тема боюнча:

Аквапаркта чөгүп каза тапкан окуучунун өлүмү: Мектеп директору иштен алынат