Ош шаарында июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Сүрөт: Ош мэриясы 

Ош шаарында 10-июнда июнь коогалаңынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү күнүнө карата митинг-реквием уюштурулуп, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коюлду. Иш-чарага облус башчысы Зиядин Жамалдинов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындары катышты.

Ошондой эле иш-чарада вице-мэр Марс Исаев мэрия июнь окуясында курман болгондордун жакындарына «колдоо көрсөтүүгө даяр» деп убадалады.

Буга чейин июнь окуясына байланыштуу президент Садыр Жапаров кайрылуу жасаган. Ал «каргашалуу окуя бир чөлкөмдө жашаган бардык этнос өкүлдөрүнө ынтымак баарынан бийик турарын дагы бир ирет далидеди» деп билдирген.

Ошондой эле «өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет» деп белгилеген.

Ош жана Жалал-Абад облустарында орун алган июнь коогалаңына быйыл он эки жылдын жүзү болду. 2010-жылдын 10-июнунда улуттар аралык жаңжал чыгып, ал үч күнгө созулган. Кырдаал 14-июнь күнү эртең менен турукташкан.

Расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясында 447 киши каза болуп, 1500ден ашык киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 2000 кишиден ашкан.

Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган. Жаңжалдан кесепетинен келип чыккан материалдык чыгым — 2,2 млрд деп бааланган.

Июнь окуясы боюнча иштер

2021-жылдын 16-апрелинде УКМК 2010-жылдагы «июнь коогалаңы» боюнча тергөө кайрадан жанданганын кабарлаган. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталган.

Ошол учурда Мамлекеттик комитеттен текшерүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине мыйзамсыз көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата да жүргүзүлөт деп билдиришкен.

УКМКнын маалыматына ылайык, Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши улуттар аралык жаңжалдын чыгышынын бирден бир себеби болгон. Анын өлкөдөн чыгып кетүүсү кандайча кагылышууларга алып келгени так айтылган эмес.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктын келип чыгышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенет, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине соңку юридикалык баа берилет», — деген атайын кызмат.

Андан бери Башкы прокуратурада 15 киши, мурдагы жана учурдагы аткаминерлер сурак берди. Кылмыш иши «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иликтенип жатат.

Суракка президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да барган.