Садыр Жапаров капсула салып жаткан объектилердин баары бүткөрүлөт деп ишендирди

Президент Садыр Жапаров өзү барып капсула салып жаткан объектилердин баары бүткөрүлөт деп ишендирди. Бул тууралуу ал «Би-би-синин» кыргыз кызматына курган маегинде айтты.

Журналист Жапаровго «далай капсула салынганы менен жыйынтык жок деген сындарды» байкап жатабы-жокпу деген суроону узатты.

«Капсула салсак, ал курулуштарды аягына чыгарып жатабыз. Орто жолдо калып кетпейт», — деп белгиледи ал бир катар курулуш иштеринин башталышына катышкан объектилер бүткөрүлгөнүн мисал келтирип.

Садыр Жапаров «Каракол» эл аралык аэровокзалынын курулушуна капсула салып жатат. Сүрөт: Президенттин сайты.

Президенттин айтымында, Баткен облусунун Маргун айылындагы аскер бөлүгү, борбор калаага жакын «Рухий мурас» конушундагы мектеп жана Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» реабилитациялык борбору курулуп бүткөн. Анткен менен «Алтын балалык» нөлдөн баштап курулган жок, курулуп бүтө элек имараты бүткөрүлгөн.

«Республикалык машстабдагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна старт берилди. Бул ири долбооордун алгачкы агрегаты алдыдагы 3-4 жылда ишке кирет деп жатабыз. Сабырдуу болуп туруңуздар. Мен деле аркамдан “капсуласын салган боюнча калып кетти” деген сөздөрдүн ээрчишин каалабайм. Капсула салган имараттар четинен ачыла баштады. Бардыгы көзөмөлдө», — деп ишендирди президент.

Садыр Жапаров президенттикке келген бир жарым жылда бир катар ири обектилердин курулушуна старт берди — бул — Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолу, Талас облусундагы «Бала-Саруу» жана Жалал-Абад облусундагы «Камбар-Ата-1» ГЭСтери. Ошондой эле ал жаңы президенттик администрациянын курулушуна дагы капсула салган. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда экологиялык «Асман» шаарын куруу пландары айтылган. Бирок жаңы шаар курууу планы азырынча кагаз бетинде гана турат. Ошондой эле айрым долбоорлор боюнча ишке ашыруунун мөөнөттөрү так аныктала элек.