Асман шаарынын долбоору тууралуу президент жана Сабиров эмне деди?

Ысык-Көл жээгинде түшө турган Асман жаңы эко-шаары Кыргызстанда кайрадан талкуунун темасына айланды. Бул ирет ал тууралуу эки башка интервьюда президент Жапаров жана депутат Равшан Сабиров сөз кылышты.

«Баары инвестордун акчасына курулат». Сабиров эмне деди?

Эл өкүлүнүн айтымында, президентти «Асман» долбоорун ишке ашырууну баштоо керек деп өзү ынандырган. Бул тууралуу ал 15-январда «Би-би-си» радиосуна курган маегинде айткан.

«[…] мен президентти үч-төрт күн айтып жүрүп көндүрдүм. Башка өлкөлөрдүн алдында ушундай шаар курулуп калса, биздин келечек үчүн, тарыхтын астында, элибиз үчүн өзгөчө дух пайда болот эле. Анткени мамлекет катары чоң, экологиялык жактан таза, жаңы шаар курдуңар кызгызстандын эли деген бир жакшы атка калат элек», — деген ал.

Сабиров президенттин макулдугунан кийин бул долбоорго киришип баштаганын белгиледи. Анын айтымында, шаарды курууда эч кандай тобокелчиликтер жок — «бардык каражат инвесторлордон, ал эми мамлекет болгону аларга шарт түзөт».

«Президенттин кеңешчиси болуп иштеп турганда мен бул долбоорду координация кылгам. Бул идея автор Руслан Акматалиев деген жигит аркылуу келген. Ал убакта [долбоор] көптөгөн инвесторлорго көрсөтүлгөн. Ошол эле Түркиядан да келишкен. Жерди, тоону, көлдү, абаны көрүп ошол эле мезгилде ведомстволор аралык комиссия да түзүлгөн. Андан тышкары, Дубайдын ханзаадасы да келип кеткен. Мен президенттин кеңешчилигинен кеткенден кийин бул долбоор токтоп калган», — деген Сабиров.

Ошондой эле депутат ал кеткенден кийин жаңы шаар куруу боюнча мамдирекциянын жетекчилигинен Абай Алымкулов кызматынан бошотулуп, ордуна «Тимур Файзиев деген адам» келгенин кошумчалаган.

Бирок Сабировдун айтымында, президент жакында гана ага долбоорду кайрадан мурдагыдай координация кылуу тапшырмасын берген. Ал макулдугун берип, минкабдын жыйындар залында чогулуш өткөргөн.

«Ал жигитти мен тааныбайт элем, ачыгын айтыш керек. Мен мурдагы күнү жыйындар залында тааныштым. Ошол жерден телефондорубузду алмаштык. Мындан кийин да чогу иштешебиз деген макулдашууга келдик», — деп белгилеген Сабиров.

Журналист президент Файзиевге кылмыш иши козголгонун билеби деген суроосуна Сабиров «президенттин бул боюнча кабары бар-жогун билбейт экем» деп жооп берген. Анын айтымында, ишкерди бул кызматка минкаб төрагасы Акылбек Жапаров дайындаган.

Нью-Астана. Президент эмне деген?

Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде учурда Асман шаарынын башкы планы иштелип жатканын — буга бир-эки жыл кетерин айтып берген.

«Ал шаар башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган», — деп билдирген ал.

Садыр Жапаров. Cүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Ал ошондой эле Асман шаарына бюджеттен «бир тыйын да» коротулбасын, бийлик болгону инвесторлорго жер бөлүп бере турганын белгилеген. Ордуна мамлекет батирлердин 10%ын алып, ипотекалык компания аркылуу жарандарга сатат.

Мындан тышкары, Жапаров Асман долбоорун Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушдагыдай жергиликтүү тургундар каршы чыккан абалга жеткирбөө керектигин айткан.

«Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп түшүндүрүп айтып берсем, эл туура түшүндү да, салгыла деди. Азыр эми инвестор жок. Бул жерге салчу акчабызды башка долбоорлорго жумшап салдык эле деп олтурушат. Эми тескерисинче болуп калды. Эл макул, инвестор каршы», — деп айткан президент.

Асман шаарынын долбоору

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоорду бийлик элдин назарына 2020-жылдын июлунда эле алып чыккан. Шаар Ысык-Көлдүн жээгинде — Тору-Айгыр айылынан жогору жана Балыкчыдан 15 км алыста курула турганы айтылууда. Бийлик долбоор Бишкекти бошотуп, өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болорун айткан.

Авторлордун идеясы боюнча, шаардын көрүнүшү асмандан комузга окшошу керек. Шаарда альтернативдүү энергия булактары жана транспорттун экологиялык таза түрлөрү колдонулмакчы. Мындан тышкары, шаарда жашыл экономика принциптери сакталат.

Авторлордун оюнда, шаар 500-700 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы.

Долбоордун авторлору «4 миң гектар аянтты ээлеген концептуалдык жаңы шаардын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кеткен каражаттан аз каражат сарпталат» деп эсептешет. Курулуш иштери 20 миллиард долларга бааланганы айтылган.