Акыйкатчы институту Казакпаевге меджардам жеткиликтүү болгонбу-жокпу текшерип жатат

Акыйкатчы институту камактагы саясат талдоочу Марат Казакбаевге медициналык жардам учурунда канчалык жеткиликтүү болгондугун жана бөгөт чарасы өз маалында кайсы себептен өзгөртүлбөгөнүн текшерип жатат.

Акыйкатчынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Казакбаев 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталдын кордиология бөлүмүндө даарыланып жаткан. Бирок УКМК саясат талдоочуну андан ары даарылануусуна себеп жок деген тариз менен ТИЗОго жөнөткөн.

«Бирок, 9-июнда белгилүү болгондой, саясат талдоочу комага түшүп калган, оор акыбалда ооруканага жаткырылган. Ушул эле күнү Акыйкатчынын кызматкерлери Казакпаев жаткан № 1 шаардык оорукананын неврология бөлүмүнө барып абалы менен таанышып, дарыгери жана туугандары менен сүйлөшүп, маалымат алышты», — деп билдирет Акыйкайтчы инстиутунун басма сөз кызматынан.

Марат Казапаевдин каза болгону 10-июнда белгилүү болгон.

Ал 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакбаев комага түшүп, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканага жеткирилген.

Ал гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп калганы белгилүү болгон. Эртеси күнү саясат талдоочу каза болгон.

Атайын кызмат ал ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин белгилешкен.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 9-марттан тарта Казакбаевге карата кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда каралып, ал сот процесстерине катышып жаткан.

Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов «туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү туурулуу арыз жазууга ниеттенип жатам» деп билдирген.

Башкы прокуратура саясат таануучунун өлүмүнүн себебин териштире баштады.

Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева жолдошу абакта кыйноого кабылганын билдирди.

«Азыр кол коюп бербесең “чёрныйларга” алып барабыз, сени зордуктайт, шылдыңдап сабашат деп коркутушкан. Анан ак кагазды алдына коюп, көзүнө жогорку вольттук жарыкты такап кол кой деп кыйнашкан. Ошонун натыжасында мээсине кан куюлуп жатпайбы. Анан ал кагазга адвокат жок эле “күнөмдү мойнума алам” деп жаздыртып алышкан», — деп билдирди Казакпаева.