Анара Казакпаева жолдошу ТИЗОдо кыйноого алынганын айтты

Бир жылдан ашуун УКМКнын ТИЗОсунда жатып каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева жолдошу абакта кыйноого кабылганын билдирди. Ал жолдошунун өлүмүнө «биринчи кезекте УКМК күнөөлүү» деп эсептейт.

Казакпаева «ПолитКлиника» басылмасына куран маегинде атайын кызмат Марат Казакпаевдин оорусу олуттуу экени жөнүндөгү дарыгерлер кеңешинин корутундусун прокуратура менен сотко жолдобой койгонун айтып берди.

«Мыйзам боюнча мамлекеттик айыптоочу дарыгердердин бүтүмү жазылган маалымкатты прокуратура менен сотко өткөрүп бериш керек болчу. Алар карап, чечим чыгарышмак. [...] Мыйзамга ылайык, айыпталуучунун оорусу олуттуу болсо кылмыш иши токтотулушу керек. Эмне үчүн кыйноо деп атам, ошого карабастан аны абакта кармашты. Эгер ишти токтоктуп, анынын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө ал каза болбойт эле», — деп билдирди ал.

Анар Казакпаева. Сүрөт: «ПолитКлиниканын» видеосунун скриншоту.

Казакпаева жолдошу ооруп жатканда сотко арыз менен кайрылганын белгилеп, бирок «сот аларга ишенбей койгонун» айтып берди.

«Мен сотко бердим, бирок ишенбептир да. Тергөөчүлөр Маратка “Бул биздин судья, биз айтсак ошонун баарын кылат, биздин дежурный судьябыз деп айтып атышты. Ал Марат Сыдыков деген киши — дежурный сот», — деди ал.

Казакпаевдин жубайы өткөн жылы ошол кездеги акыйкатчы Токон Мамытовго арыз менен кайрылганын, бирок ал «жолдошунун укугун коргогондун ордуна, абакка барып шылдыңга алганын» айтат.

«Акыйкатчы Токтокүчүк Мамытов да барып шылдыңдап, мен “чекистмин” деп айтты. Ал өзү акыйкатчы, анын укугун коргошу керек болчу. Кийин азыркы акыйкатчы Атыр Абдрахматовага “прокуратура медициналык корутундуну карасын, сотко кайрылсын” деп арыз жазгам, алар арызды эки-үч күндө караганча жолошум каза болуп калды», — деди

Бега чейин Бириккен демократиялык кыймыл дагы Казакпаевдин өлүмүнө «УКМК тергөөнү атайылап создуктуруп, аны мыйзамда белгиленген мөөнөттөн узак абакта кармаганы» да себеп болду деп билдирген.

Кыймылдын мүчөлөрү президент Садыр Жапаровдон Казакпаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөн фактыларды кылдат иликтөөнү талап кылышкан. Алар президентке башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жоопкерчилиги каралып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынсын деп талап коюшкан.

Казакпаевдин кармалышы жана өлүмү

Марат Казакпаев.

Казакпаев 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. УКМК шектүүлөр Кыргызстандын улуттук коопсуздугун ички жана сырткы коркунучтардан коргоону камсыздоо иштери жүрүп жатканда, чет элдик атайын кызматтар менен уюмдарга каршы туруу учурунда кармалганын баса белгилеген.

Казакпаев өзүнө карата камакка алуу жана кыйноо түрүндөгү туруктуу жана күчтүү психологиялык кысымды кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым маселелер боюнча жеке позициясы менен байланыштырган.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев комага түшүп, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканага жеткирилген.

Ал гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп калганы белгилүү болгон. Саясат таануучу ИВЛ аппаратына туташтырылып, абалы оор деп бааланган. Ал эми 10-июлда Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов саясат таануучу каза болгонун кабарлаган.

Айткулов Казакпаев «өлбөшү керек болчу, туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү туурулуу арыз жазууга ниеттенип жатам» деп билдирген.

Ал эми УКМК Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, саясат таануучу мээсине кан куюлуп каза болгонун билдирген. Атайын кызматтан Казакпаев ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин белгилешкен. Ал эми Башкы прокуратура саясат таануучунун өлүмүнүн себебин териштире баштаган.

Тема боюнча:

Саясат таануучу Марат Казакпаев каза болду. Ал чыккынчылыкка айыпталып бир жылдан ашык абакта кармалган