Саясат таануучу Марат Казакпаев каза болду. Ал чыккынчылыкка айыпталып бир жылдан ашык абакта кармалган

10-июнда саясат таануучу Марат Казапаев каза болду. Бул маалыматты «Клоопко» Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов тастыктады.

Айткулов Казакпаевдун туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү туурулуу арыз жазууга ниеттенип жатканын билдирди.

«Өлүмүнүн себептерин жана ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп-көрсөтүлбөгөнүн текшерүү керек. УКМКнын ТИЗО жана медициналык кызматынын кызматкерлеринин аракеттерин текшеребиз. Канчалык деңгээлде туура жана өз убагында жардам көрсөтүштү, суроолор бар. Олуттуу маселе, адам каза болуп жатат. Өлбөш керек болчу», — деп билдирди ал.

Казакпаев 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда ал комага түшүп, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканага жеткирилген.

Ал гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп калганы белгилүү болгон. Саясат таануучу ИВЛ аппаратына туташтырылып, абалы оор деп бааланган.

Марат Казакпаевдин иши

Марат Казакпаев.

Марат Казакпаев журналисттерге өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген адам катары белгилүү.

Ал 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Аны менен бирге М.Т. аттуу киши да камакка алынган.

УКМК шектүүлөр Кыргызстандын улуттук коопсуздугун ички жана сырткы коркунучтардан коргоону камсыздоо иштери жүрүп жатканда, атап айтканда, чет элдик атайын кызматтар менен уюмдарга каршы туруу учурунда кармалганын баса белгилеген.

«Төгүнгө чыгарылгыс далилдер табылды. Жасалган кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилиги 10 жылды түзүшү мүмкүн. Бул иш улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан, ал жашыруун сыр болуп саналат», — деп УКМКдан билдиришкен.

2021-жылдын 9-июнунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери УКМКнын ТИЗОсуна барып Казакпаевден кабар алышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакпаев ден соолугуна, атап айтканда, кан басымынын жогорулашына жана бөйрөк жетишсиздигине даттанган.

Мындан тышкары, Казакпаев дагы эле өзүнүн кылмыш ишин иликтеп жаткан тергөөчү ким экени билине электигин кошумчалаган.

«Ошол эле учурда ага карата УКМК кызматкерлери тарабынан психологиялык кысым көрсөтүлүп, адвокат Икрамидин Айткуловдун кызматынан жана ага жүктөлгөн адвокаттын кызматын кабыл алуудан баш тартып, тергөөчүлөр сунуш кылган адвокат менен иштешүүнү талап кылып жатат. Болбосо, Казакпаевдин айтымында, аны Бишкектеги №1 ТИЗОго которуп, ага ар кандай физикалык кысым көрсөтүүгө даяр кылмышкерлер менен бир камерага отургузабыз деп коркутуп атышат», — деп белгилешкен укук коргоочулар.

Акыйкатчы институтунан Казакпаев «мамлекеттик кызматкер болбогонун жана жашыруун документтерге аралашууга мүмкүнчүлүгү жок болчу» деп айтканын дагы билдиришкен.

«Бирок, буга карабастан, УКМК кызматкерлери андан мамлекеттик кызматкер болгон башка адамга каршы “көрсөтмө берүүсүн” талап кылышууда», — деп айтышкан мекемеден.

Казакпаев өзүнө карата камакка алуу жана кыйноо түрүндөгү туруктуу жана күчтүү психологиялык кысымды кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым маселелер боюнча жеке позициясы менен байланыштырган.

Тема боюнча:

Чыккынчылыкка айыпталган Марат Казакпаев комага түшүп, реанимацияга жаткырылды