Башкы прокуратура саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнүн себебин териштире баштады

Башкы прокуратура бир жылдан ашуун УКМКнын ТИЗОсунда кармалган саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнүн себебин териштире баштады. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакпаевдин өлүмү боюнча бардык керектүү экспертиза дайындалды.

«Тешерүүнүн жыйынтыгында юридикалык баа берилет», — деп белгилешти көзөмөл органан.

Казакпаев 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда ал комага түшүп, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканага жеткирилген.

Ал гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп калганы белгилүү болгон. Саясат таануучу ИВЛ аппаратына туташтырылып, абалы оор деп бааланган. Ал эми 10-июлда Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов саясат таануучу каза болгонун кабарлаган.

Айткулов Казакпаев «өлбөшү керек болчу, туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү туурулуу арыз жазууга ниеттенип жатам» деп билдирген.

Ал эми УКМК Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, саясат таануучу мээсине кан куюлуп каза болгонун билдирген. Атайын кызматтан Казакпаев ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин белгилешкен.

Марат Казакпаевдин иши

Марат Казакпаев.

Марат Казакпаев журналисттерге өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген адам катары белгилүү.

13-апрелде Казакпаев менен бирге М.Т. аттуу киши да камакка алынган. УКМК шектүүлөр Кыргызстандын улуттук коопсуздугун ички жана сырткы коркунучтардан коргоону камсыздоо иштери жүрүп жатканда, чет элдик атайын кызматтар менен уюмдарга каршы туруу учурунда кармалганын баса белгилеген.

2021-жылдын 9-июнунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери УКМКнын ТИЗОсуна барып Казакпаевден кабар алышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакпаев ден соолугу начарлап, кан басымынын жогорулап жатканын айтып даттанган.

Мындан тышкары, Казакпаев дагы эле өзүнүн кылмыш ишин иликтеп жаткан тергөөчү ким экени билине электигин кошумчалаган.

Акыйкатчы институтунан Казакпаев «мамлекеттик кызматкер болбогонун жана жашыруун документтерге аралашууга мүмкүнчүлүгү жок болчу» деп айтканын дагы билдиришкен.

«Бирок, буга карабастан, УКМК кызматкерлери андан мамлекеттик кызматкер болгон башка адамга каршы “көрсөтмө берүүсүн” талап кылышууда», — деп айтышкан мекемеден.

Казакпаев өзүнө карата камакка алуу жана кыйноо түрүндөгү туруктуу жана күчтүү психологиялык кысымды кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым маселелер боюнча жеке позициясы менен байланыштырган.

Тема боюнча:

Чыккынчылыкка айыпталган Марат Казакпаев комага түшүп, реанимацияга жаткырылды