Мыйзам долбоору: Желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитети 13-июнда «Кыргызстандын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектѳѳ жѳнүндѳгү» мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Документтин демилгечиси, депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоору полимердик материалдардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканын айтты.

«Республика боюнча таштанды полигондору 600 гектардан ашык жерди ээлейт, ал жерлердин 506 гектары айыл чарба багытындагы жерлер болуп эсептелет. Таштандылардын төрттөн бир бөлүгүн пластикалык таштандылар түзөт», — деди депутат.

Мыйзам долбоору полимердик материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу баштыктарды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууну сунуштап жатат.

Маматалиев пластмассалык калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген зыянын эске алуу менен бир жолу колдонулуучу желим баштыктардын көзөмөлсүз колдонулушуна тоскоолдуктарды түзүү зарыл экенин белгиледи.

Парламент депутаттары мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан.

Кыргызстанда буга чейин да желим баштыктарды колдонуудан баш тартуу сунушу демилгеленип келген. Маматалиев тийиштүү мыйзамдын долбоорун 2020-жылы да сунуштаган. Ушундай эле мыйзам долбоорлору 2018-жылы да демилгеленген.

Материалдын автору: Бегимай Ырыскулова