Орусиянын Махачкала шаарынан Бишкекке түз авиакаттам ачылат

Орусиянын Red Wings авиакомпаниясы 22-июндан тарта Махачкала шаарынан Бишкекке түз абакаттамын ачат. Бул тууралуу Махачкала аэропортунун басма сөз катчысы Сапур Магомедов «ТАСС» басылмасына билдирди.

Махачкаладан Бишкекке каттамдар ар шаршемби сайын каттайт. Ал эми Бишкектен Махачкалага бейшемби күндөрү учат. Мурда Махачкалага Москва аркылуу учууга туура келген.

Ал арада 10-июндан тарта Орусиянын бир катар шаарларынан Ысык-Көлгө үзгүлтүксүз авиакаттамдар ачылган. Каттамдар Москва, Екатеринбург, Новосибирск жана Санкт-Петербург аркылуу аткарылып жатат.

Тышкы иштер министрлигинен туруктуу каттамдардын ачылышы чектөөлөр алынып, орусиялыктардын арасында Ысык-Көлгө келүүнү каалагандардын саны өскөндүгү менен байланыштуу деп түшүндүрүшкөн.

Материалдын автору: Жаркынай Женалиева.