Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия Кубогунда ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына чыкты.

Анткени Монголияда В тайпасында өткөн тандоо оюндарынынын чечүүчү матчында Палестинанын футболчулары Филиппин курамасын 4:0 эсебинде жеңип алды. Ошентип палестиналыктар тайпада 1-орун менен Азия кубогуна жолдомо алышты.

Филиппин курамасы үч беттештин жыйынтыгында 4 упайга ээ болду. Кыргыз курамасы F тайпасында эки беттеш өткөрүп, Сингапурду (2:1) жана Мьянманы (2:0) жеңгени үчүн 6 упай топтогон (ар бир жеңиш үчүн 3 упай берилет).

Бул күндөрү алты мамлекетте футбол боюнча үчүнчү тандоо айлампасы өтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен Азия Кубогуна 11 жолдомо ойнотулат. Бул жолдомо үчүн 6 тайпада төрттөн команда күч сынап жатышат.

2023-жылы өтө турган Азия кубогуна өз тайпаларында биринчи орунду алган алты команда чыгып жатат. Ошондой эле ага өз тайпаларында экинчи орунду камсыздаган жана упайы көп болгон 5 мыкты команда дагы катышат.

Бүгүн кыргыз футболчулары тажик оюнчулары менен жыйынтыктоочу беттешти өткөрүшөт, бирок эки команда тең оюндун жыйынтыгы карабастан Азия кубогуна чыкты.

Кыргызстан менен Тажикстандан тышкары Азия кубогунун финалдык баскычына Өзбекстан, Тайланд, Гонконг жана Индия улуттук курамалары өткөн.