Нарын шаарында 58 турак жайды жана чарбалык курулуштарды сел каптады

Нарын шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп 58 турак үйдү жана чарбалык курулуштарды, бир мечитти суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Табият кырсыгы 13-июнда 17:45 чамасында катталган. Селдин кесепетинен Нарын шаарынын РТС аймагындагы Жетиген, Ак-Шоола, Ак-Тилек, Ак-Жол, Сулайманов, Казиев, Молдоев, Бактыгүл, Сүрөт-Булак жана Мазар-Булак көчөлөрүндөгү 50гө жакын үй зыян тарткан.

Мындан сырткары, шаардын борборундагы Сагынбай Орозбак, Шаадыманов жана Таалай көчөлөрүндө алты турак жайды жана Көтөрмө аймагындагы бир мечит, бир турак жайдын короосун суу каптады.

Нарын шаарында селдин кесепеттерин жоюу үчүн №16 ӨКБдөн 37 куткаруучу жана атайын техникалар иштеп жатат. Учурда кырсыктын чыгымдары эсептелүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-майдан тарта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын көп болуп, тоолу райондордо сел болоорун эскерткен.

Үстүбүздөгү жылдын 27-майында Ош облусунун Өзгөн районунда катуу жааган жаандан улам Кош-Этер айылында ички жолдорду жана Чечебай айылындагы 20 турак үйдүн короосун суу каптаган.