Президенттин чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү өкүлү жасалма диплом алууга шектелүүдө

Сүрөт: Президенттин Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганын билдирди.

Атайын кызматтан Рахимов 2004-жылы БАТМУда окуганы тууралуу жасалма академиялык аттестат менен ЖАМУнун юридика факультетине мыйзамсыз тапшырып, 2005-жылы кайрадан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулганы аныкталды дешти.

«Жасалма академиялык сертификатты колдонуу менен Мамыржан Рахимов жогорку билими тууралуу диплом алган», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы «Документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында УКМК президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимовдон кош жарандуулук аныкталганын билдирген.

Атайын кызматтан Ураимов 2018-жылы администрациянын Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда ага мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилгенин, бирок анда Орусиянын да жарандыгы бар экенин «жашырган» деп маалымдашкан.

Мындан улам атайын кызмат 26-апрелде Ураимов мамлекеттик сырды билүү укугунан ажыратылганын белгилеп, облус башчысына аны кызматтан бошотуу тууралуу билдирүү жиберилген.

18-майда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн Ураимовдун кош жарандуулугу жоктугун, ал Орусиянын жарандуулугун тапшырып бергенин билдиришкен.

Облустук администрациядан Ураимов учурда ордунда иштеп жатканын айтышып, башка маалыматтарды тергөөдөн кийин берүүнү убадалашкан.