Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү аппарат башчынын кош жарандуулугу жоктугун маалымдады

Алихан Ураимов

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүнөн аппарат башчы Алихан Ураимовдун кош жарандуулугу жоктугун, Орусиянын жарандуулугун расмий тапшырып бергенин билдиришти.

Облустук администрациядан Ураимов учурда ордунда иштеп жатканын айтышып, башка маалыматтарды тергөөдөн кийин берүүнү убадалашты.

12-майда УКМК президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимовдун кош жарандуулук аныкталганын билдирген.

Атайын кызматтан Ураимов 2018-жылы администрациянын Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда ага мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилгенин, бирок анда Орусиянын да жарандыгы бар экенин «жашырган» деп маалымдашкан.

Ошол эле учурда УКМК Ураимов 2021-жылдын 11-январында орус жарандыгынан чыгууга уруксат алганын айтып ал тууралуу Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн көрсөткөн деп белгилейт.

Мындан улам УКМК 26-апрелде Ураимов мамлекеттик сырды билүү укугунан ажыратылганын белгилеп, облус башчысына аны кызматтан бошотуу тууралуу билдирүү жиберилген.

Алихан Ураимов коомчулукка блогер Батмакан Жолболдуева менен чырдаша кеткенден кийин белгилүү болгон. Окуя үстүбүздөгү жылдын 6-февралында катталган.

Анда Аткаминер блогерди жыйынга киргизүүдөн баш тартканда экөө чырдаша кеткен. Жолболдуеванын түз эфиринде Ураимов аны бетке муштаганы тартылып калган. Бирок аппарат башчысы аны урганын четке каккан.

Окуядан соң тараптар бири-биринин үстүнөн арыз жазган. Ошол эле учурда Жолболдуеванын Ураимов ага кол көтөргөнү боюнча жазган арызы тергөөдөн кыскарып кеткен. Ал эми Ураимовдун арызы дагы да каралып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде облустук администрациянын аппарат жетекчиси блогерди урганын четке кагууда