Милиция баңгизат аткезчилигине шектелген Тажикстандын жарандарын кармады

Милиция кызматкерлери Кыргызстандын аймагында баңгизат таратууга жана аткезчиликке шектелген Тажикстандын эки жаранын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүрөт: ИИМ

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бирөө Тажикстандын ИИМнин кызматкери болуп чыккан. ИИМден кармалгандар Казакстанга жөнөтүү үчүн Кыргызстанга 11 кг апийим жана 21 кг нашаа алып өтүүнү пландашкан.

Бул факты боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иликтөө башталды. Шектүүлөр Бишкектин ТИЗО-1не киргизилди.

Материалдын автору: Аделя Именова.