Атамбаев «Калыс-Ордодогу» мектеп жана түрк жарандарына паспорт берүү иштери боюнча акталды

16-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата эки кылмыш иши боюнча актоо өкүмүн чыгарды.

Алсак, соттун чечими боюнча Атамбаев Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү жана «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу иштер боюнча акталды.

Судья Атамбаев кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу аталганын билдирди.

Түрк жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иши Атамбаевге 2021-жылы козголгон. Анда мурдагы президент 2016-жылдагы иш боюнча шектелип жатканы айтылган.

Ал эми «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу боюнча иште Атамбаев 2021-жылдын январынан тартып фигурант боло баштаган. Бул иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шектелген.

Атамбаевди эки кылмыш иши боюнча акталганына карбастан ал дагы деле бир нече башка кылмыш иштеринин фигуранты бойдон калууда. Тактап айтканда, Атамбаев 2019-жылдын августундагы Кой-Таш жана 2020-жылдагы октябрь окуяларынын, ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштулушу жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо боюнча иштеринин фигуранты.