«Мыкты оператордук эмгек». «Шамбала» кыргыз тасмасы Нью-Йорктогу фестивалда сыйлыкка татыты

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы 4-12-июнда Нью-Йоркто өткөн Brooklyn Film Festival фестивалында сыйлыкка татыды. Бул тууралуу фестивалдын расмий сайтында айтылат.

«Бул кыргыз киносу үчүн сыймык жана Кыргызстан үчүн чет өлкөдө жакшы жарнама», — деди режиссёр.

2021-жылдын декабрь айынын башында фильм «Мыкты чет элдик тасма» катары «Оскар» сыйлыгына татыктуулардын лонг-листине кирген. Бирок тасма шорт-листке илинбей калган.

«Шамбала» тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде 2020-жылы тартылган. Фильмдин сюжетинде балалык дүйнө таанымы чоңдордун катаал реалдуу жашоосуна туш келген жети жаштагы баланын баяны чагылдырылат.

Материалдын авторлору: Жаркынай Дженалиева жана Аделя Именова.