Сузакта мугалимдерди сындаган бүтүрүүчү сөздөрүн тамаша катары кабыл алууну суранды

Акыркы коңгуроодо Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бири мугалимдерди сынга алды. Видео социалдык тармактарга 16-июнда тарап кызуу талкууга алынууда.

Окуучу Аркадий Гайдар атындагы мектепте окуганын белгилеп, мектептин системасы ага башынан эле жакпаганын, бирок айла жок болгону үчүн окуганын айткан.

«Мен негизинен Гайдар мектебинин мугалимдеринин бардыгын чын жүрөктөн сыйлайм, жашоодо чыныгы жакшы адамадар. Жашоодо дагы жакшы тааныйм. Анан «дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» деген макал бар. Бирок, мен бүгүн жалаң күйдүрүп айтайын деп жатам. […] Биздин мектепте чет тил сабагы окулат. Бирок, жыйынтык нөл же бир пайыз. Дене тарбия сабагынан атын айтпайм. Бирок, агайыбыз ичимдик жыттанып же спирт жыттанып келгени, бул мектеп үчүн 100 пайыз уят. Тыныгууда сыртта тамеки чегип турган агайлар, силер окуучуларга «Тамеки чекпе» деп, айтканы моралдык укугуңар жок», — деген окуучу.

Ал сөзүнүн аягында бул сөздөрдү коркконунан башка бир дагы окуучу айта албаганын кошумчалады.

«10 жыл мурда кнопочный телефон болчу. Азыркы телефонуңарды карагыла. Смартфон, отпечатка, гугл, бардык маалыматты таап алса болот. 10 жыл мурдагы мектептин билим берүүсүн элестетебиз. Азыркы билим берүү менен салыштырып көргүлө. Айырма чоң. Өзгөрүү болгон жок», — деп сындады ал.

Ал эми 17-июнда аталган окуучунун дагы бир видеосу тарады. Анда бүтүрүүчү акыркы коңгуроодо айткан сөздөрүн «пранк» деп атап, аны тамаша катары кабыл алууну суранды.

Окуучу менен мугалимдердин чыры

Кыргызстанда мугалимдер менен окуучулардын ортосунда жаңжалдар байма-бай чыгып турат. Акыркы жолу мындай окуя 23-майда Сузак районунда болгон. Анда мугалим окуучуну сабаганы белгилүү болгон.

Окуянын видеосу соцтүйүндөргө тарап кеткен. Андан кийин милиция менен Билим берүү министрлиги териштирүү иштерин баштаган.

Буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев да пикирин билдирген. Ал мугалимдин аракети туура эмес болгонун, бирок бул окуяда балдардын тарбиясында дагы маселе бар деп айткан. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да оюн айтып, мугалим менен окуучунун ортосундагы чатакты баланы мектептен чыгаруу аркылуу чечсе болорун билдирген.

Мугалим өзү окуучу сабак башталганда телефонго алаксыгандан кийин, кайым айтышуу болгондон соң кол көтөргөнүн айткан. Ошол эле кезде мугалим туура эмес кылганын мойнуна алган.

Аны менен катар жумуштан өз эрки менен кеткенин да кошумчалаган. Бирок кийинчерээк мугалим ишине кайтып келери белгилүү болгон — райондук билим берүү бөлүмү мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эмес.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов педагогго түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөнүн билдирген. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 30-майда кызда жабык баш-сөөк жаракаты, баш мээнин чайкалуусу, баштын чачтуу бөлүгүндөгү жумшак ткандардын жабыркашы жана билегинде жана оң жак тизесинде кан уюган көгала тактар аныкталганын билдирген.

Ошондой эле Абдрахматова окуучу кыздын педагог тарабынан сабалышы Конституцияны, Балдар жөнүндөгү кодексти, «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамды, «Адамдын бедели жөнүндөгү» жана БУУнун балдар укуктары боюнча Конвенциясын бузат деп белгилеген.

Окуядан кийин Жогорку Кеңештин үч депутаты Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, мугалимди кемсинткен окуучунун өзүнө жана алардын ата-энелерине айып пул салууну сунушташкан. Бул мыйзам долбоорду парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында биринчи окууда жакытырылып, кабыл алынган.

Демилгечилер документ «педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында» иштелип чыкканын белгилешкен.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан «педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, а түгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө гана эмес, кепилденген педагогикалык кызматкерлердин коомдогу өзгөчө укуктук статусунун ылдыйлашына алып келет» деп айтылган.

Тема боюнча окуңуз: Парламентте мугалимди «сыйлабаган» окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу сунушталды