Сузак: Окуучуну сабаган мугалим дарылануудан кийин жумушун улантат

Мээримгүл Эргешбаева. Сүрөт: Талгат Абжалил уулу/Azattyk

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 7-класстагы окуучу кызды сабаган мугалим Мээримгүл Эргешбаева жумушун улантат. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов «Азаттык» үналгысына билдирди.

Анын айтымында, мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызы канааттандырылган эмес.

«Мугалимге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, дарылануудан кийин жумушун улантат», — деди ал.

Буга чейин Билим берүү министрлигинен мугалим ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыкканын, андан соң жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын билдиришкен.

Сузактагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганы 25-майда белгилүү болгон. Фейсбукта мугалим менен окуучу кыз айтыша кетип, андан соң окутуучу кызды сабаганы боюнча видеолор тараган.

Бул окуя интернетке тараган соң коомчулукта ача пикир жаралган. Айрымдар мугалимди жазага тартууну талап кылса, айыпты окуучу кызга оодаргандар да болгон.

Аталган факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, Жалал-Абад ОИИБи териштирүүнү баштаган. Окуучу кыз ооруканага жаткырылган.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев «кандай учур болбосун мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек болчу» деп билдирген. Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова мугалим жана мектеп директору «жоопко тартылышы керек» деп жазган.

Кийинчерээк окуя боюнча окуучу кыз, анын апасы жана мугалим комментарий берген. Мугалимдин кызы жана окуучу бир класста окуганы маалым болгон.

Окуучу «мугалимдин кызы мага сөгүндү», «ага жооп кайтарганда мугалим мени урушту» деп билдирген. Мугалим окуучусу менен ушундан улам айтыша кеткенин моюндап, «тарбияга чакырдым» деп айткан.

Ал эми жабырлануучу кыздын апасы мугалимдин үстүнөн арыз жазбаганын, бирок бул аракетине нааразы болгонун белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Мектепте сабалган окуучу кыз, апасы жана мугалим окуя боюнча үн катышты

Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү башталды