Акыйкатчы мугалим тарабынан сабалган окуучунун баш мээси чайкалып, жабык жаракат алганын айтты

30-майда акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузакта окуучу кыздын мугалим тарабынан сабалганы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Акыйкатчы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин мугалиминин кызды «тарбияга чакыргам» деген жүйөсүн жана билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин окуя боюнча айткан пикирин «абсурд» деп атады.

Абдрахматова окуучуну коргоо боюнча Башкы прокуратурадан иштин жүрүшүн көзөмөлгө алууну, мугалимдин билим деңгээли жана аны жумушка алган директордун иш-аракетине укуктук баа берүүнү талап кылды.

Окуучу кыздын абалы тууралуу

Атыр Абдрахматова.

Атыр Абдрахматова кыздын акыбалы тууралуу «Стамбул» протоколу негизсиз түзүлгөнүн жана анда коюлган диагноздун жыйынтыктары бири-бирине каршы келерин айтты.

«Протоколдун шаблонунда “эч кандай өзгөчөлүк” жок деп жазылган. Ал эми жыйынтык бөлүгүндө “баш мээси чайкалган, мээси жабык жаракат алган” деп жазылган. Нейротравматологдун, окулисттин жана кыздын баш сөөгүнүн рентгендик сүрөтү жок. Денесиндеги жаракаттар толук сүрөттөлбөй, кыздын жүрөк согуусу катуулаганы жана көкүрөк жагы ооруганына баа берилген эмес», — деп билдири ал.

Акыйкатчы көзкарандысыз эксперттерди таап, окуучу кыздын акыбалына туура, так баа берүү керектигин баса белгиледи.

Мугалимдин билими тууралуу

Мээримгүл Эргешбаева.

Акыйкатчы окуучу кызды сабаган мугалим Мээримгүл Эргешбаеванын башталгыч класстын мугалими деген орто профессионалдык билими бар экенин, 2013-жылы компьютердин оператору деген курсту толук бүтүргөнүн белгиледи. Ал мугалимдин билим денгээли суроо жаратарын айтат.

«Өспүрүмдүн энеси болуу башка, ал эми мугалими болуу таптакыр башка нерсе. Ал үчүн атайын окуудан өтүп, өспүрүмдөрдүн өткөөл курагы болорун, адам катары калыптануусун жана алардын жүрүм-туруму башталгыч класстагы балдарга салыштырмалуу башкача болорун эске алуу керек», — деп түшүндүрдү ал.

Мугалимдин окуучуну «тарбияга чакырдым» деп ур-токмокко алганын «абсурд» деп атап, мыйзамда окуучуга зомбулук көрсөтүп, орой мамиле кылууга тыюу салынганын кошумчалады.

«Мектеп директору Мээримгүл Эргешбаеваны информатика мугалими кылып жумушка алганы жана тарбия берүү үчүн зомбулук колдонууга кантип түздөн-түз укук бергенин териштирип көрүү керек. Башка мугалимдер дагы балдарды тарбиялоо үчүн күч колдонуп жаткан жокпу деген суроо пайда болууда», — деди ал.

Министрдин пикири тууралуу

Алмазбек Бейшеналиев.

Абдырахматова окуя боюнча билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин пикирине токтолуп, анын позициясы түшүнүксүз экенин белгиледи. Акыйкатчы министр «балага карата зордук-зомбулукту актап жатат» деген пикирде.

«Ушундай жол менен, балага карата зордук-зомбулук, кемсинтүү менен мамиле кылуу министрдин денгээлинде уруксат берилип жатабы? Заманбап дүйнөдө мугалим баланын коопсуздугу үчүн коркунучтун булагы болбошу керек. Мугалимдин окуучуга зомбулук көрсөтүп, кемсинтүү менен мамиле кылганын актоону мен абсурд, профессионалдуу эмес жана мыйзам бузуу катары баалайм», — деди ал.

*Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев окуя боюнча «ал жерде конкректтүү факт болуп жатпайбы — мугалимге кличка коюп жатат. Бул өтө ашынгандык. Окуучунун мугалимге кличка коюусу — тарбиянын жаман чеги. Кандай учур болбосун мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек болчу» деп билдирген.

Акыйкатчы Сузакта окуучу кыздын сабалганы боюнча үй-бүлө жана баланы коргоо боюнча иштеген органдардын аралашуусун сунуштады. Ошондой эле Абдрахматова мектептерде коопсуздуктун сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Сузакта мугалимдин окуучу кызды сабаганы

Сузактагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганы 25-майда белгилүү болгон. Фейсбукта мугалим менен окуучу кыз айтыша кетип, андан соң окутуучу кызды сабаганы боюнча видеолор тараган.

Бул окуя интернетке тараган соң коомчулукта ача пикир жаралган. Айрымдар мугалимди жазага тартууну талап кылса, айыпты окуучу кызга оодаргандар да болгон.

Аталган факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, Жалал-Абад ОИИБи териштирүүнү баштаган. Окуучу кыз ооруканага жаткырылган.

Кийинчерээк окуя боюнча окуучу кыз, анын апасы жана мугалим комментарий берген. Мугалимдин кызы жана окуучу бир класста окуганы маалым болгон.

Окуучу «мугалимдин кызы мага сөгүндү», «ага жооп кайтарганда мугалим мени урушту» деп билдирген. Мугалим окуучусу менен ушундан улам айтыша кеткенин моюндап, «тарбияга чакырдым» деп айткан.

Ал эми жабырлануучу кыздын апасы мугалимдин үстүнөн арыз жазбаганын, бирок бул аракетине нааразы болгонун белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Мектепте сабалган окуучу кыз, апасы жана мугалим окуя боюнча үн катышты

Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү башталды