Казакпаев жана Асанбаевдин УКМКнын абагында каза тапканына байланыштуу комиссия түзүлдү

Президент Садыр Жапаров саясат талдоочу Марат Казакпаевдин жана «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Бакыт Асанбевдин өлүмү фактысы боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлдү.

«Комиссия окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Марат Казакбаевдин өлүмү

Марат Казакпаев журналисттерге өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген адам катары белгилүү болчу.

Ал 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп, ТИЗОдон реанимацияга жеткирилгени белгилүү болгон. Эртеси, 10-июнда көз жумган.

УКМК Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, саясат таануучу мээсине кан уюп каза болгонун билдирген. Атайын кызматтан Казакпаев «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен. Мамлекеттик комитеттен 9-июнда Казакбаевдин абалы кескин начарлап, УКМКнын демилгеси менен дароо реанимацияга жеткирилгенин кошумчалашкан.

Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Казакпаевдин туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү тууралуу арыз жазууга ниеттенип жатканын билдирген.

«Өлүмүнүн себептерин жана ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп-көрсөтүлбөгөнүн текшерүү керек. УКМКнын ТИЗО жана медициналык кызматынын кызматкерлеринин аракеттерин текшеребиз. Канчалык деңгээлде туура жана өз убагында жардам көрсөтүштү, суроолор бар. Олуттуу маселе, адам каза болуп жатат. Өлбөш керек болчу», — деген ал.

13-июнда Акыйкатчы институту Казакпаевдин өлүмүн жагдайын иликтей турган коомдук комиссия түзгөнү белгилүү болгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда «Новые лица» басылмасына маек куруп, Казакпаевдин өлүмүнө бийликтин «эч кандай тиешесиз жоктугун» айткан.

Анын айтымында, саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген. Ошондой эле Ташиев Казакпаев «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турган жана абалы канааттандырарлык деп бааланган» деп билдирген.

Бакыт Асанбаевдин өлүмү

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» ААКтын кредиттик тескөө бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча ТИЗОдо камакта болчу.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ТИЗОнун кызматкерлери жана камерада бирге отургандар ага биринчи жардам көрсөтүп, медиктерди чакырган. Бирок ал тез жардам келгенге чейин каза болуп калгандыктан, жерине келген дарыгерлер өлүмдү катташкан.

УКМКдан Асанбаев дагы үч айыпталуучу менен бирге сан-блокто кармалганын белгилешти. Алар эки камерада эки адамдан кармалган.

«Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу аракетин өз убагында алдын ала алышкан эмес», — деп белгилешкен комитеттен.

Бирок, маркумдун бир тууганынын айтымында, Асанбев 17-июнда башка камерага которулган. Акыркы күндөрү ким менен бирге кармалганы — белгисиз.

УКМКдан маркумдун өлүмүн териштирүү үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалганын билдирген.

Ал эми Башкы прокуратурадан аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө баштаганын маалымдаган.

Маркумдун бир тууганы Талант Асанбаев Бакыт Асанбаевдин сөөгүн ачууга катышканын айткан. Анын айтымында, маркумдун кабыргасы, акырек сөөгү сынган жана чыканагында көк ала тактар аныкталган.

Асанбаев маркумдун көкүрөк туштундагы сөөктөр биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда (жасалма дем алдырууда — ред.) сынган эмес деп эсептейт. Маркумдун бир тууганынын Бакыт Асанбаевди урушкан болушу мүмкүн деген күмөнү бар.

Ошондой эле ал Асанбаев өз жанын кыймак эместигин, ага эч кандай себептер жок болчу деп белгилеген.