Кабыргасы, акырек сөөгү сынган. Асанбаевдин тууганы сөөктү ачууда эмнелерге күбө болгонун айтты

УКМКнын ТИЗОсунда асынган абалда табылган «Айыл Банктын» кызматкери Бакыт Асанбаевдин кабыргасы, акырек сөөгү сынганы жана чыканагында көк ала тактар аныкталган. Бул тууралуу активист Адилет Балтабайга маркумдун бир тууганы Талант Асанбаев айтып берди.

Анын айтымында, өзү жана адвокаты Нур Кылычбаева сөөктү ачууга катышып, маркумдун жаракаттарына күбө болушкан.

Асанбаев маркумдун көкүрөк туштундагы сөөктөр биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда (жасалма дем алдырууда — ред.) сынган эмес деп эсептейт. Маркумдун бир тууганынын Бакыт Асанбаевди урушкан болушу мүмкүн деген күмөнү бар.

Ошондой эле ал Асанбаев өз жанын кыймак эместигин, ага эч кандай себептер жок болчу деп белгилди.

«Кечээ күнү эле адвокат кирип чыккан, сонун эле сүйлөшүп, мына эртең-бүрсүгүнү бошонуп чыгам деп аткан. Тергөө бүткөн болчу, эки айга эле камаган да. Дүйшөмбү, шейшемби күнү соту болмок. Өткөндө өзүнүн бир тууган иниси кирип чыккан да. Кирип чыгып баары жакшы экен, баары сонун экен буйруса деп чыккан», — деди ал.

Тууганынын айтымында, Асанбаевдин жакындары акыйкат тергөөнү күтүп жатышат. Маркумдун артында 4 баласы калды.

Бакыт Асанбаевдин өлүмү

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» ААКтын кредиттик тескөө бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча ТИЗОдо камакта болчу.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ТИЗОнун кызматкерлери жана камерада бирге отургандар ага биринчи жардам көрсөтүп, медиктерди чакырган. Бирок ал тез жардам келгенге чейин каза болуп калгандыктан, жерине келген дарыгерлер өлүмдү катташкан.

УКМКдан Асанбаев дагы үч айыпталуучу менен бирге сан-блокто кармалганын белгилешти. Алар эки камерада эки адамдан кармалган.

«Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу аракетин өз убагында алдын ала алышкан эмес», — деп белгилешкен комитеттен.

Бирок, маркумдун бир тууганынын айтымында, Асанбев 17-июнда башка камерага которулган. Акыркы күндөрү ким менен бирге кармалганы — белгисиз.

УКМКдан маркумдун өлүмүн териштирүү үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалганын билдирген.

Айрым ЖМКнын маалыматына ылайык, Асанбаев 20-июнда абактан бошотулмак. Анткен менен маркумдун адвокаты Нур Кылычбаева бул маалыматты bulak.kg’ге маек куруп четке каккан. Ал 20-июнда сот отуруму өтүп, анда Асанбаевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча өтүнмө берилмектигин билдирген.

Ал эми Башкы прокуратурадан аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө баштаганын маалымдаган.