Кызыл-Кыяда турак жайларды сел каптап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

18-июндагы каттуу жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сел каптап, киргизилген өзгөчө кырдаал режими алына элек. Бул тууралуу «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, селдин кесепетинен 24 турак үйдүн короосуна жана 17 социалдык объектилерин ичине, жертөлөөсүнө сел суулары каптап, өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Сел катталган аймакка ӨКМдин Баткен облустук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, селдин кесепетин жоюу иштери дагы деле уланып жатат.

12-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Өтүкчү айылында сел жүргөн.

Сел суулары Ак-Турпак айыл аймагынын Өтүкчү айылында 28 үйдүн короосун, ички чарбалык арыкты, чарбалык жолду каптаган.

Ал эми Майдан айыл аймагынын Сары-Алтын айылында турак үйлөрдүн короосун, мектепти, айыл аймактын имаратын сел каптап, жеңил унааны агызып кеткен.

Бак айылында турак үйлөрдүн короосун каптаган. Орозбеков айыл аймагындагы Учкун, Бостон, Кара-Кечүү, Больничная, Жоокесек-Коргон тилкелеринде 6 даана бетон шакекче көпүрөлөрдү агызып кеткен. Мындан сырткары, 250 метр ички чарбалык унаа жолун бузган.