Ошто жол менен көпүрөнү сел каптап, жер катмары көчүү коркунучуна кептелди

Ош, Алай району. Сүрөт: ӨКМ

20-июнь күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Алай жана Баткен облусунун Лейлек райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сел суулары Алай районундагы Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы ички чарбалык жолдорду жеген.

Чогулган сел суулары Октябрь суусуна кошулуп бул айылдагы Дербиш тилкесине өтүүчү ички чарбалык жолдун болжол менен 80 метрин жууп кеткен.

Мындан сырткары, Гүлчө — Октябрь жолунун 15-чакырымындагы 959-жол тейлөө мекемесинин карамгындагы көпүрөдөн суу ашып, көпүрөнүн каптал беттерин суунун ташкыны жеген. Учурда көпүрөдөн өтүүгө бир тараптуу гана каттам бар, жер катмары жумшарып кеткендиктен көчүү абалына кептелди.

Ошондой эле Гүлчө — Октябрь жолунун 9-чакырымынын Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүү болуп, каттам токтоп, электр мамычалары кулап кетүү коркунучу жаралууда.

Куткаруучулардын жардамы менен сел суулары тазаланды. Ушул тапта Ош шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын каражаттары менен калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, кооптуу абалда турган жерлер такталууда.

Ушул эле күнү Лейлек районунун Коргон — Катраң — Өзгөрүш унаа жолунда сел суулары келип, жолдун айрым бөлүктөрүнө кум жана шагал түшкөн.

Учурда сел суулары токтоп, убактылуу жабылган жол ачылды.

18-июндагы каттуу жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сел каптап, 24 турак үйдүн короосуна жана 17 социалдык объектилерин ичине, жертөлөөсүнө сел суулары каптап, өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Сел катталган аймакка ӨКМдин Баткен облустук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, селдин кесепетин жоюу иштери жүргүзүлгөн.