Казакстандын президенти Нур-Султан шаарында Аскар Акаевди кабыл алды

23-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тактан кулатылган биринчи президенти Аскар Акаевди Нур-Султан шаарында кабыл алды. Бул тууралуу АКИpress басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, жолугушууга Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева да катышты.

Маалым болгондой, алар илим, билим берүү, санариптик экономика, адам ресурстарынын өнүгүү тенденциясы, ошондой эле климаттын өзгөрүүсү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле тараптар дүйнөдө болуп жаткан окуяларды тууралуу сүйлөштү.

Акаев Алматыга 19-июнда учуп келген. Казакстандын мамлекеттик окуу жайларында бир катар илимий лекцияларды окуган.

Москвалык жана орусиялык бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президиумунун мүчөсү Арстан Талгарбековдун айтымында, Казакстанда Акаевге «КазУнун ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Ошондой эле ага «AlmaU’нун ардактуу профессору» деген наам берилди.

Аскар Акаев деген ким?

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Бийлик алмашкандан кийин, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Акаев 2005-жылы Орусияга качып, азыркы тапта Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунда башкы илимий кызматкер болуп иштейт.