Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратын сүрдүрүүгө тендер жарыялады

Бишкекте Башкы прокуратуранын өрттөнгөн мурдагы имаратын сүрдүрүү пландалып жатат. Шаар мэриясы имаратты бузуу үчүн тендер жарыялады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имараты менен бирге Жибек-Жолу көчөсүндөгү соолукту калыбына келтирүү комплекс-мончонун да имараты сүрдүрүлөт. Мэриядан анын ордуна социалдык мончо курула турганын кошумчалашты.

«Демонтаж иштери жана жаңы имаратты куруу мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Жаңы мончонун баасы шаар тургундары үчүн жеткиликтүү болот», — деп белгилешти мэриядан.

Башкы прокуратуранын күйүп кеткен эски имаратынын ордуна кандай курулуш болору азырынча белгисиз. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги үчүн кеңсе ачууну сунуштаган.

Өз кезегинде минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бул имараттын маселеси чечилет деп ишендирген. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна «татынакай имарат» курула турганын айткан.

Башкы прокуратуранын имаратынын тарыхы

Башкы прокуратуранын Бишкек шаарынын борборундагы, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараты 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөлгөн. Башкы көзөмөл орган бул окуядан кийин мурдагы президент Аскар Акаевдин китепканасына көчкөн. Өрт жалмаган имаратты жарнама баннерлерин илип жаап коюшкан.

2013-жылы өрттөлгөн имаратты бузууну чечишкен. Көп өтпөй шаар бийлиги бул оюнан кайтып, бул тилкени эң мыкты жасалгалоого конкурс жарыялаган. Бул конкурста мрамор капталган офистик же соода борборун куруу идеясын алып чыккан архитекторлор жеңишке жетишкен.

Андан кийин мэрия кайрадан оюнан кайткан: 2017-жылы өрттөнгөн имаратты оңдоп-түздөп калыбына келтирүүгө 120 миллион сомдук тендер жарыяланган. Калыбына келтирилген имаратка Бишкек шаардык кеңешин же мэриянын өзүн көчүрүп келүү пландалган.

Бирок конкурс өтпөй калган. Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы тендерге катышууга билдирме жөнөткөн фирмалардын бардыгынын документтери туура эмес болгонун айткан.

Ал эми ошол кездеги шаар мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин сессиясында конкурска катышууга арыз берген 33 фирманын 20сы парламент жана шаардык кеңештин депуаттарына тиешеси бар деп билдирген. Экинчи ирет өткөрүлгөн тендер дагы аягына чыкпай калган.