Ош мэриясынын кире беришине 500 миң сомго лифт орнотулду, себеби пандус талапка жооп бербейт

Сүрөт: Ош мэриясы

Ош мэриясынын кире беришине тепкичтен чыга албаган майыптыгы бар тургундар үчүн лифт орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Калаа бийлигинен лифт мэрдин тапшырмасы менен майыптыгы бар адамдарга шарт түзүү иш-чараларынын алкагында орнотулду деп белгилешти. Мэриянын кире беришине курулган пандус талапка жооп бербейт. Анткени андан арабада отурган майыптыгы бар адамдар чыга албайт.

Учурда автоматтык пандус ишке кире элек — мэриядан лифт ушул жумада жумушчу комиссия кабыл алгандан кийин иштеп баштайт деп билдиришти.

Соцтармак колдонуучуларынын бири муну менен катар майыптыгы бар башка адамдар үчүн да шарттар түзүлүшү керек экенин белгиледи.

«Мисалы көзү азиз же начар көргөн тургундар үчүн да Брайль шрифти менен таблица жана угуу үчүн радио да орнотулуп, бирдей шарт тузүлүшү керек», — деди ал.

Лифтти орнотуу үчүн тендер ушул жылдын 6-апрелинде мэрияга караштуу капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланып, эки күнгө созулган. Башкармалык бул иш үчүн 516 миң 507 сом коротууну пландап, түз келишим түзмөй болгон.

Тендерге үч компания катышып, «Мерудан» ЖЧКсы 500 миң сом сунуштап жеңүүчү болгон. Ошол эле учурда пандусту орнотуу үчүн кыйла аз сумма — 468 миң сом — сунуштаган «ОЛИМП-КИЯ» ЖЧКсы жеңишке жеткен эмес.

Жеңүүчү болгон «Мерудан» ЖЧКсын Эмилбек Турдуев жетектейт. Компания турак жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенет. Турдуевдин компаниясы шаар бийлигине караштуу ишканалар жарыялаган тендерлерге катышып, жеңүүчү аталып келет.

2017-жылы Бишкек мэриясы жер өтмөктөргө көтөргүчтөрдү орноткон. Бирок алар орнотулгандан бери иштеген эмес — көтөргүчтөр иштеп башташы үчүн тейлөөгө акча керектиги, бирок мэрияда каражат жетишсиз экени айтылган.

Мындан улам УКМК лифттердин эмне үчүн иштебей жатканын териштире баштаган.

Дагы окуңуз: «Уят болдук го». Бишкектин аткаминерлери жана жер өтмөктөгү көтөргүчтөр жөнүндө пьеса

Майыптыгы бар тургундардын нааразычылыгы

Буга чейин Ош шаарындагы майыптыгы бар адамдар жана активисттер жөө жүрүш өткөрүшкөн. Алар калаада майып кишилерге шарттар жоктугун айтып, мэрияга нааразы болушкан.

Чогулгандар шаарда тротуарлардын, атайын пандустардын жоктугунан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кишилердин көчөдө жүрүшү кыйын экенин айтышкан. Алар бийлик жолдорду курууда майыптарга шарт түзсө деп талап кылышкан.

«Бизге жолдо жүрүү үчүн шарттар жокко эсе. Мисалы, жолдо арыктан өтүүдө кыйынчылыкка туш болом. Пандустар талаптарга жооп бербейт. Өз алдынча чыга албайбыз, сөзсүз көчөдө бирөөнүн камкордугуна муктажбыз», — деп билдирген катышуучулардын бири.

Акциянын катышуучулары шаардын борборунда жана мэриянын маңдайында жайгашкан Токтогул сейил багын айланып басышкан. Ал арада талапка жоо бербеген тротуарларды жана пандустарды белгилеп көрсөтүшкөн

Катышуучулардын бири көзү азиз Жакшылык Кадыров шаарда үн берүүчү жол чырактарынын жоктугу алардын өмөрүн «коркунучка салып жатканын» айткан. Майыптыгы бар адамдар шаарда жүрүүдө туш болгон кыйынчылыктарын айтып беришкен.

Анда жөө жүрүшкө чыккандар менен мэриянын өкүлдөрү жолуккан эмес. Кийинчерээк калаа бийлигинен мэр Алмаз Мамбетов калаада жүргүнчүлөр үчүн шарттарды түзүүнү «колго алды» деп ишендиришкен.

Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, алар үчүн жетиштүү шарттар түзүлбөй келет. Майыптыгы бар адамдар калктын аялуу катмары бойдон калууда жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тартылышпайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пандус жок, тротуарлар талапка жооп бербейт. Ошто майыптыгы бар кишилер акция өткөрүштү

Кайсынысы жаман — пандуспу же анын жоктугубу? Бишкек адамдарга ылайыкташпаган шаар бойдон калууда