«Чыгыш электрдин» жетекчилиги мамлекетке 20,5 млн сом зыян келтирүүгө шектелип жатат

«Чыгыш электр» ишканасынын жетекчилиги мамлекеттик бюджетке 20,5 млн сом зыян келтирүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, «коомдун көрсөткүчтөрү төмөн, ал эми акционердик коомдун кызматкерлеринин маянасы жогору экенине карабай» кызматкерлерге ай сайын «премия» төлөнүп келген.

Басма сөз кызматтан, мындан улам кызматкерлерге 2021-жылы бекитилген суммадан ашыкча 13,6 млн сом төлөнүп берилгенин белгилешти.

Андан тышкары көзөмөл органынан «Чыгыш электрдин» жетекчилигинин буйругу менен, «энергетиктердин майрамына» карата кызматкерлерге 6,9 млн сом берилгенин билдиришти.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Иликтөө уланууда.

Тема боюнча окуңуз: «Ошэлектрдин» мурдагы башчысы коррупцияга шектелип кармалды