Кадамжайда кызына болушуп жаш балдарды уруштурган аял суракка алынды

28-июнда социалдык тармактарда аял эки өспүрүм курактагы кыз менен баланы уруштуруп жаткан видео тарады. Анда аял кызга баланын башын буту менен кысып, үстүнө отуруп чапкылоо керектигин айтып турган.

Тасма тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары аялды таап, жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Жаш балдарды уруштурду делген аял. Сүрөт: Баткен ОИИБи.

29-июнда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тасма тууралуу түшүндүрмө берип, окуя 10-июнда Кадамжай районуна караштуу Кожо айылында болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы А.Г атуу аял 8 жана 15 жаштагы эки уулу менен Кожо айылына ата-энесинин үйүнө конокко барган. Ал жакта 31 жаштагы сиңдиси 8-9 жашар эки кызы менен жашап жүргөн.

10-июнда кечки саат 17:30 чамасында бир туугандардын балдары уруша кетишкен. Кыздын апасы ага болушуп, кантип мушташуу керектигин үйрөткөн.

«Видеодо аял кызына болушуп балдарды атайын уруштуруп жатканда конокко келген 15 жаштагы Марат келип, таежесин уруп салганы байкалган», — деп билдиришти милициядан.

Баткен ОИИБи окуя Кадамжай райондук милициясынын электрондук журналына катталып, соттук экспертиза дайындалганын маалымдады.

Жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял менен анын эки кызы суралды. Ал эми конокко келген аял Ош облусунун Алай районуна өз үйүнө кетип калганы белгилүү болду.

Милициядан окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши жүрүп жатканын кошумчалашты.

Балдарга карата зомбулук учурлары

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган.

400 фактынын 55 учуру — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук. Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2021-жылы 417 жаш бала зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Жусупбекова жабырлануучулардын 118и сексуалдык зомбулукка туш болгонун айткан.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балдарга жардам көрсөтүү борбору бар. Борборго +996773192099 жана +996707079597 номерлери аркылуу кайрылса болот. Жалал-Абадда дагы «Ак жол» реабилитациялык борбору иштейт, байланыш номери +996773741191.

Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • «Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
  • «Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
  • «Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
  • Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
  • Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.

Дагы окуңуз:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн