28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрында Бишкектеги массалык башаламандык иши боюнча чечим чыгарды. Бул иштин алкагында жети кишиге айып тагылган: мурдагы президент Алмазбек Атамабаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов жана жансакчысы Канат Сагымбаев, «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, ошондой эле саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.
Сот Атамбаев, Ниязов, Сагымбаев, Асанов жана Молдокматовду күнөөсү жок деп тапты. Булардын аракетинде кылмыштын курамы жок деп түшүндүрдү.
Судья ошондой эле, ушул иш боюнча Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөрттү — алар үй камагына чыгарылды. Бирок, соттун чечими менен бир гана Ниязов эркиндикке чыкты.
Жалпысынан Атамбаевге 7 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен октябрь окуялары боюнча ишти кошкондо үч иш боюнча Атамбаев акталды. Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы президент 11 жылга кесилген. Ошондой эле Атамбаевге карата 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо жана Кой-Таш айылында мыйзамсыз жер алуу боюнча кылмыш иштер бар. Акыркы үч иш бир өндүрүшкө бириктирилип, сотто каралууда. Атамбаев өзүнө карата козголгон козголгон кылмыш иштерин саясий куугунттук катары баалай турганын билдирген. Азыр ал №27 колонияда кармалып турат.
Октябрь окуялары боюнча сот отуруму
Мамлекеттик айыптоочулар 28-июндагы сот отурумунда Атамбаевди «Массалык баш аламандыкты уюштуруу» беренеси менен күнөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратууну суранды. Айыптоочу тарап ушул эле берене боюнча Ниязов менен Сагымбаевди 7 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.
Султанбековду «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренелери менен күнөөлүү деп таап, 9 жыл эркинен ажыратууну суранды.
Асанов менен Молдокматовду дагы эки берене боюнча — «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» жана «Ок атуучу куралды уурдоо же опузалоо» беренелери менен күнөлүү деп таап, 9 жыл колония сурады.
Иштин фигуранттары акыркы сөзүндө кылмыш ишин жана соттук териштирүүнү «абсурд» деп атап, иштин материалдарында массалык башаламандыктарды уюштуруу тууралуу келишим болгону боюнча бир дагы далил жок экенини белгилешти.
Октябрь окуялары
2020-жылдын октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Анда алдын ала жыйынттык боюнча Жогорку Кеңешке үч бийликчил партия өткөн: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан».
Натыйжада толкундоолор башаламандык жана укук коргоо кызматкерлери менен кагылышууга алып келген. 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алып, колонияда жаткан бир катар саясатчыларды, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Садыр Жапаровду бошотуп чыгышкан. Жыйынтыгында толкундоолор башаламандык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышууга чейин жеткен.
9-октябрда Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары жана жаш саясатчылар «Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү үчүн» биригип, митингге чогулушкан. Соңунда алар Бабановдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөтүүнү чечишкен. Андан соң митингчилер Ала-Тоо аянтын көздөй бет алышкан.
Ал жерден митингчилер өзүн Жапаровдун тарапташтарыбыз деп атаган башка топ менен кагылышкан. Натыйжада Жапаровдун тарапташтары каршылаштарына таш ыргытып, ал эми Атамбаевдин унаасына бүгүнкү күнө чейин табыла эле белгисиз адам ок чыгарган. Бул кагылышта жалпысынан 7 адам жабыркаган.
Бул окуялардан кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизген. 10-октябрда массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жансакчылары Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана Фарид Ниязов кармалган.
Тема боюнча окуңуз: Темирлан Султанбеков октябрь окуясы боюнча президентти жана Ташиевди суракка алууну суранды
«Революцияны түрмөдөн жасадым». Жапаров «Коммерсантка» эмне тууралуу айтып берди?
Кийин Асанов, Сагымбаев, Мусакеев жана Султанбеков камактан бошотулган.