Темирлан Султанбеков октябрь окуясы боюнча президентти жана Ташиевди суракка алууну суранды

Президент Садыр Жапаровду 2020-жылдагы октябрь окуясы боюнча күбө катары Биринчи май райондук сотуна чакыртуу суранычы айтылды. Мындай сунуш менен бүгүн сотто айыпталуучулардын бири, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков кайрылды.

Ал Жапаровду октябрь окуясы боюнча сөзүндө революция жасаганын айткандыктан суракка алуу керек деп эсептейт.

«Революцияны түрмөдөн жасадым». Жапаров «Коммерсантка» эмне тууралуу айтып берди?

Султанбековдун пиринде, сотко президенттин бир туугандары Сабыр жана Дөөлөт Жапаровдорду, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди, министр Алымкадыр Бейшеналиевди, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жана экс-мэр Айбек Жунушалиевди дагы чакыртуу керек.

Ушул эле жыйында дагы бир айыпталуучу, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов октябрь окуясынын катышуучулары барып түнөгөн «Ак Кеме» мейманканасынын администраторун, ошондой эле «Мекенчил» партиясынын мүчөсү делип, октябрь окуяларына катышкан Мелис Аспековду дагы суракка алуу керектигин билдирди.

Ал эми жактоочу Замир Жоошев саясатчы Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановду, ал эми Жеңиш Молдокматов мурдагы депутат Алтынбек Сулаймановду, депутат Адахан Мадумаровду жана ошол убакта меморандумга кол койгон координациялык кеңештин башка дагы мүчөлөрүн суракка чакыртууну өтүнүштү.

Октябрь окуясы

2020-жылдын октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Анда алдын ала жыйынттык боюнча Жогорку Кеңешке үч бийликчил партия өткөн: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан».

Натыйжада толкундоолор башаламандык жана укук коргоо кызматкерлери менен кагылышууга алып келген. 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алып, колонияда жаткан бир катар саясатчыларды, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Садыр Жапаровду бошотуп чыгышкан.

9-октябрда Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары жана жаш саясатчылар «Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү үчүн» биригип, митингге чогулушкан. Соңунда алар Бабановдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөтүүнү чечишкен. Андан соң митингчилер Ала-Тоо аянтын көздөй бет алышкан.

Ал жерден митингчилер өзүн Жапаровдун тарапташтарыбыз деп атаган башка топ менен кагылышкан. Натыйжада Жапаровдун тарапташтары каршылаштарына таш ыргытып, ал эми Атамбаевдин унаасына бүгүнкү күнө чейин табыла эле белгисиз адам ок чыгарган. Бул кагылышта жалпысынан 7 адам жабыркаган.

Бул окуялардан кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизген. 10-октябрда массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жансакчылары Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана Фарид Ниязов кармалган.

Кийин Асанов, Сагымбаев, Мусакеев жана Султанбеков камактан бошотулган.