«Радуга» пансионатындагы массалык мушташтын катышуучулары милицияга жеткирилди

Ысык-Көл облустук милициясы Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатындагы массалык мушташка катышкандардын баары ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлашты.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-июнь күнү саат 12:50 чамасында пансионатта мушташ чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат ОИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге милициянын ыкчам-иликтөө тобу жана мобилдик топ барган.

Эскертүү! Видеодо психикага таасир этиши мүмкүн болгон кадрлар жана сөгүнгөн сөздөр бар!

Пансионаттагы мушташтын видеосу Инстаграмдагы black_list.kg барагына тараган. Күбөлөрдүн айтымында, пансионаттын короосуна кирген жергиликтүү тургундар менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыккан.

Бирок Ысык-Көл ОИИБден милиция окуянын келип чыгуу себептерин тактоо үчүн териштирүү жүргүзүп жатышканын билдиришти. Милиция Чолпон-Ата шаары жана Жалал-Абад облусунан келген төрт кишини, ошондой эле пансионаттын 14 күзөт кызматкерин кармады.

«Бул окуяда эч кандай пансионатка же көл жээгине кирүү боюнча маселе жок. Коноктор спирт ичимдигин ичип алып коопсуздук кызматкеринин тартипке чакыруусуна баш ийбей, калайман мушташка айланып кеткен» — деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Кыргызстанда учурда туристтик сезон. Буга чейин президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундары пляж аймактарына акысыз кирүүсүнө уруксат берген буйрукка кол койгон. Президенттин басма сөз кызматынан мындай чечим жергиликтүү тургундардын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынганын билдиришкен.