Ысык-Ата: 13 жаштагы кызды поезд коюп кетти

27-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 13 жаштагы кызды поезд коюп кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милицияныны маалыматына ылайык, ошол күнү нөөмөт бөлүмүнө жөө жүргүнчүнү поезд коюп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине барган ыкчам топ өспүрүм кыздын сөөгүн тапкан.

Бул факты маалымат журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Бишкекте 18 жаштагы жигитти поезд коюп кеткени маалым болгон. Милициянын маалыматына ылайык, маркум жакындап калган поезддин сигналына көңүл бурган эмес, ал эми поезддин машинистти тормозду шашылыш басканы менен кырсыктын алдын ала албай калган.

Свердлов РИИБден жигит ооруканага жеткирилгенин, бирок өзүнө келбестен, алган жаратынан каза болгонун билдиришкен.

Милициянын маалыматына ылайык, аталган факт Свердлов РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына жазылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Материалдын автору: Айдана Сулпуева жана Бегимай Ырыскулова.