Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды

Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас Эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Аэропорттун маалыматына ылайык, 1-июлда биринчи каттам учту.

Казакстандык SCAT авиакомпаниясы бир аптада эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча каттайт.

Басма-сөз кызматынан компания аптасына төрт жолу учууну пландаганын кошумчалашты.

Буга чейин «Манас» аэропорту Ош — Ысык-Көл мезгилдик каттамы ачылганын билдирген. Жайдын соңуна чейин «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактары жүргүнчү ташыйт. Учуулардын жыштыгы — ишемби күндү кошпогондо жумасына 6 күн.

1-июлда Оштон Ысык-Көлгө биринчи каттам учкан. Тамчы аэропортуна 100 жүргүнчү конуп, Ошко 96 адам учуп кеткен.