Коргоо министрлиги: Чүйдө курал колдонуудагы байкабастыктан улам жоокер каза болду

4-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунда анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери октон каза тапты. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарган. Жоокер жаракат алган жеринен көз жумган.

Министрлик окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү, Аламүдүн РИИБдин адистеринен турган комиссия иштеп жатканын баса белгиледи. Окуянын чоо-жайы такталууда.

Каза болгон баланын туугандары эмне дейт?

Жоокердин эжеси — Индира Рысалиева 24.kg басылмасына берген маегинде, иниси өзүн өзү өлтүргөнүнө ишенбей турганын айтты. Рысалиеванын айтымында, иниси 2022-жылдын май айында аскердик ант берип, Кой-Ташта айылында кызмат өтөп жаткан. Учурда сөөгү өлүкканага жеткирилди.

«Бир күн мурда мага телефон чалып, сагынганын айткан. Суранып үйгө келем деген. Биз өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенбейбиз. Кечээ ал нөөмөттө турган. Кантип өзүн өзү атып алсын? Жума сайын, аскерге чакырылгандан бери 200 сом бирдик салып турчубуз. Азырынча моргго Коргоо министрлигинен эч ким келе элек», — деп билдирди ал басылмага.