5-июлдан тартып Үрүмчү — Бишкек авиакаттамы жанданат

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы 5-июлдан тартып Үрүмчү — Бишкек авиакаттамы жаңданарын маалымдады.

Маалыматта «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү учары белгиленди. Үрүмчү менен Бишкектин аралыгы учак менен 2 саатты түзөт.

2020-жылдын февралында бул багыт боюнча каттамдар коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган.

Буга чейин мекеменин басма сөз кызматы Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылганын кабарлаган.

Материалдын автору: Жаркынай Женалиева.