«Дордой» базарында чыккан өрттөн 42 контейнер жана тогуз күркө жарактан чыкты

5-июлда Бишкектеги «Дордой» базарында чыккан өрт 42 контейнер, тогуз күркөнү жарактан чыгарды. Бул тууралуу 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, «кытай катары» деп аталган катардагы жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн металлдан курулган соода түйүнү күйгөн. Мындан тышкары, тез тамактануу, шаурма жана суусундук сатуучу тогуз күркө өрттөнүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен үч адам түтүнгө ууланып Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын бири ӨКМдин кызматкери.

Базардагы тез татым даярдоочу жайдан башталган өрт кийин кийим-кече сатылган аймакка жайылган. Тилсиз жоону өчүрүүгө 60 куткаруучудан турган жети бөлүм тартылган.

Ошол эле күнү айрым ишкерлер базардын администрациясына бардык төлөмдөрдү төгүп келгенин, күркөлөр камсыздандыруудан өткөнүн айтып чыгымдарды калыбына келтирүүгө жардам сурап акция өткөрүшкөн.