Ысык-Көл: Жети-Өгүздө катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылындагы катуу шамал орто мектептин чатырын учуруп кетти. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-июль күнү саат 17:00 чамасында башталган шамалдан Данаке Иманов атындагы орто мектептин болжолу 1036 чарчы метрлик шифер чатыры жараксыз абалга келген.

Мекеменин басма сөз кызматынан учурда райондук жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымдар эсептелип чыкканын белгилешти. Чатырды калыбына келтирүүгө чаралар көрүлөт.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Нарын шаарында катуу шамал Нарын мамлекеттик университети менен турак үйлөрдүн чатырын учуруп, эки электр мамысын кулаткан.