Ысык-Көл: Малчыны өлтүрүп, окуяны кырсык катары көрсөтүүгө аракет кылган киши кармалды

Ысык-Көл облусунда малчыны өлтүрүп, окуяны кырсык катары көрсөтүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Ак-Суу районуна караштуу Лесное айылынын тургуну. Ал 6-июль түнү райондук ооруканага айылдашынын сөөгүн алып келип, маркум дарыяга кулап каза болгонун айткан. Андан соң өзү белгисиз тарапка кетип калган.

Оорукананын кызматкерлери саат 02:00дө милицияга кабар берген. Ыкчам-иликтөө тобу сөөктү кароо учурунда башынан жаракат алып, колдору тытылганын аныкташкан. Мындан улам соттук-медициналык экспертиза дайындалып, укук коргоо органдын кызматкерлери сөөктү алып келген кишини издей баштаган. .

Лесное айылынын тургуну, 51 жаштагы шектүү ошол эле күнү Каракол шаарынан кармалып, Ак-Суу РИИБге жеткирилген.

Кармалган киши милицияга берген көрсөтмөсүндө, маркумдун үй-бүлөсү жок экенин, акыркы беш жылда «Алтын-Арашан» жайлоосунда анын мал багып иштеп жүргөнүн айтып берген. Ал эми аны оор абалда көпүрөдөн жолуктурганын, ооруканага алып келе жатканда жолдо каза болуп калганын билдирген.

Ал эми малчы жашаган сарайды тинтүү учурунда дыкаттык менен жашырылган сынган калтек, маркумдун кан болгон төшөнчүсү табылган.

«Айныгыс далилдер табылган соң шектүү малчыны өлтүргөнүн мойнуна алды. Ал пикир келишпестиктен улам малчыны таяк менен бир нече жолу башка чапканын, абалы оор экенин көргөндө ооруканага жеткиргенин айтып берди», — деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бул факты «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.