Зомбулук көргөн 13 жаштагы кыздын ата-энеси тергөөдөгү мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди

MediaHub басылмасы Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан зордукталды делген 13 жашар кыздын ата-энеси менен маек курду. Алар айыпталуучулар тарабынан коркутууга кабылганын жана тергөө учурундагы мыйзам бузуулар катталганын айтып беришти.

Жабырлануучу кыздын атасы алгач Свердлов РИИБне арыз жазганын айтып берген. Бирок алар кылмыш болгон аймак Ленин районуна карай турганын айткан. Ленин РИИБдин кызматкерлери кыздын коштоосунда акыркы окуялар болгон жерлерди кыдырып көргөн соң, “биздин аймакка дагы карабайт” деп Биринчи май РИИБге жөнөтүшкөн.

Өспүрүмдүн атасынын айтымында, адегенде эле Биринчи май РИИБдин кызматкерлери кызды психологдун жана ата-энесинин катышуусу жок, ар кайсы иш бөлмөгө алып кирип, «эки саатка жакын каалагандай суракка алган».

«Биз ошол жакка бардык, ал жерден кызым окуянын баарын айтып берди. Эртеси күнү эле бир шектүү баланы кармашыптыр, бизди чакырышты. Биз баргандан кийин тергөөчүлөр эмес опер кызматкерлери суракка алып, орой мамиле жасай баштады. Алар “бизге психологдун кереги жок” деп эле, бизди дагы катыштырбай кызымды суракка алышты», — дейт ал.

Мындан улам кыздын атасы укук коргоо органдарынан эмнеге ата-энесинин жана психологдун катышуусу жок суракка алып жатышканын түшүндүрүп берүүнү талап кылган. Бирок ага милиция кызматкерлери тоготпогондой түр көрсөтүшкөн.

Ал эми жабырлануучу кыздын апасы азыркы тергеп жаткан тергөөчү алардын укуктарын тебелеп, ишин так аткарбай жатканына нааразы болду.

«Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү Алмаз деген киши бул ишти эптеп жаап салуунун аракетин көрүп жатат. Биз башка тергөөчүгө өткөрүп бер деп айтсак дагы болбой койду. Жумушуна барсак кароолчулары киргизбейт. Бир күнү Алмаз кызыңардын “ооруканага жатып чыккандан кийинки тастыктама кагаздын түп нускасын алып келип бергиле” деди. Аны алып барсак “кошунама таштап койгула” дейт. Бирок биз ага ишенбей, таштаган эмеспиз. Себеби кагазды жоголуп кетти деп коймок», — дейт аял.

Анын айтымында ошондон бери тергөөчү телефонго жооп бербей, жумушуна барса, киргизбей жатат.

«Ал эми камалган милиция кызматкерлер соттун чечими келгенче, тордун ары жагынан бизди коркутуп, “акталып чыксак, биринчи силерди, экөөңөрдү соём” деп жатат», — дейт ал.

Жабырлануучу кыздын ата-энеси тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп Башкы прокуратурага дагы кайрылган.

«Алар [Башкы прокуратура] тергөөчү менен бизди беттештиришти. Мен ага: “Кызымды аркасынан зордукталганын тастыктаган экспертиза жок болуп атат”, — деп айттым. Прокуратурадан тергөөчүгө баарын толуктап сотко жөнөтүүнү тапшырышты. Эртеси күнү ал даярдап коюптур. Бирок материалдар толук эмес экенин айттым», — дейт кыздын апасы.

Аны менен катар, жабырлануучу тарап адвокаттан тергөө материалдарын толуктоо тууралуу өтүнүч келтиргенин баса белгилейт. Ошол эле күнү аларга «жооп даяр, алып кеткиле» деп телефон чалышкан.

«Барсам өтүнүчтү четке кагыптыр. Тергөөчү: “Силер эмне эле ары бери чуркап атасыңар? Колуңардан эч нерсе келбейт. Мен баарын жайгарып койгом. Кудайга чуркасаңар да колуңардан эч нерсе келбейт”, — деп койду», — дейт алар.

Тергөөдөгү бузууларды Oasis фонду да белгилейт

Өспүрүмдү суракка алууда жана тергөөдө одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин Oasis коомдук уюмунун башчысы Мээрим Осмоналиева дагы белгилеп, ишти кайра кароо керек деп билдирген.

Осмоналиева жабыркаган кызды суракка алууда социалдык кызматкерлер жана психолог катышпаганын белгилеп, кыздын тергөөчүлөр эске алган бардык көрсөтмөлөрүн толук эмес деп эсептөө керек деп ойлойт.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар тарабынан жасалган соттук-медициналык экспертиза күмөн жаратат. Ошондуктан ал бардык стандарттарды эске алуу менен психологдун/психотерапевттин, социалдык кызматкердин жана тажрыйбалуу адвокаттын катышуусунда ишти кайра карап чыгуу керек деп эсептейт.

Окуя кандай болгон?

Буга чейин, 2022-жылы 21-февралда, Биринчи май РИИБи 13 жаштагы кызды «зордуктоого» шектеп 19 жаштагы эркек кишини кармаган. Кийин бул ишке милиция кызматкерлеринин да тиешеси бар деген маалымат тараган. Бишкек ШИИББнин ички иликтөө кызматы бул маалыматты териштире баштаган.

Кийинчээрек жабырлануучу кыздын ата-энеси Адыл Акжол уулунун Youtube-каналына маек куруп, өспүрүмдү жарым жылдан бери зордуктап жүрүшкөнүн жана үч милиция кызматкери аны сексуалдык катнашка мажбурлаганын айтышкан.

Алардын айтымында, шектүү жана милиционерлер кызынын уурулугун ашкерелейбиз деп коркутуп, сексуалдык катнашка мажбурлашкан.

Кийин бул ишке тиешеси бар делип жалпы төрт киши айыпталган, аларды экөө милиция кызматкери. Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу сот жообуна тартылышы мүмкүн.

Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официант балага карата козголгон иш териштирилип, иштин материалдары сотко өткөрүлгөн.

Тема боюнча: Бишкек: 13 жашар кызды зордуктоо ишине байланыштуу милиция кызматкери кармалды

Арт: 13 жашар кыздын зордукталганы тууралуу кабарга Байсаловдун реакциясы

«Милициянын арасында да айбандар бар». Акылбек Жапаров 13 жашар кыздын окуясы боюнча үн катты

Башкы сүрөттүн автору: Татьяна Зеленсская