Ош: Аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукка каршы тынчтык митинги өттү

Сүрөт: Тынчтык митингине чогулган жарандык активисттер/Тойчубек Боронбаев/Kloop

8-июль күнү Ош шаардык милициясынын имаратынын алдында аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту токтотууну талап кылган тынчтык митинги өттү. Митингге 20дан ашуун адам келди.

Саат 10:30да ИИМдин имаратынын алдына чогулгандар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды жазалап, ИИМден ушул сыяктуу окуялардын алдын алууну талап кылышты.

Алар «Кумарбек, Дайырбек, Эрмек камалсын!», «Дагы канча аял өлүшү керек?», «Качан президент биз менен жолугат?», «13 жашар кыз, дагы ким?» «Кайдыгер болбо!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.

Акциянын катышуучулары менен Ош ШИИБнин башчысынын орун басарлары Бакыт Исраилов жана Улан Жукенов жолукту. Жолугушуунун жыйынтыгында активисттер аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зомбулуктун алдын алуу иштерин талкуулоо үчүн 13-июль күнү шаардык милициянын жетекчилиги менен жолукмай болду.

Аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту токтотууну талап кылган тынчтык митинг бүгүн, 8-июлда борбор калаада дагы өтөт. Бишкектеги тынчтык митинги 13 жаштагы кыздын иши карала турган Сведлов райондук сотунун алдында, саат 15:00дө өтөрү айтылды.

Эмне болгон?

2022-жылы 21-февралда, Биринчи май РИИБи 13 жаштагы кызды «зордуктоого» шектеп 19 жаштагы эркек кишини кармаган. Кийин бул ишке милиция кызматкерлеринин да тиешеси бар деген маалымат тараган. Бишкек ШИИББнин ички иликтөө кызматы бул маалыматты териштире баштаган.

Кийинчээрек жабырлануучу кыздын ата-энеси Адыл Акжол уулунун Youtube-каналына маек куруп, өспүрүмдү жарым жылдан бери зордуктап жүрүшкөнүн жана үч милиция кызматкери аны сексуалдык катнашка мажбурлаганын айтышкан.

Алардын айтымында, шектүү жана милиционерлер кызынын уурулугун ашкерелейбиз деп коркутуп, сексуалдык катнашка мажбурлашкан.

Кийин бул ишке тиешеси бар делип жалпы төрт киши айыпталган, аларды экөө милиция кызматкери. Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу сот жообуна тартылышы мүмкүн.

Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официант балага карата козголгон иш териштирилип, иштин материалдары сотко өткөрүлгөн.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балдарга жардам көрсөтүү борбору бар

Борборго +996773192099 жана +996707079597 номерлери аркылуу кайрылса болот. Жалал-Абадда дагы «Ак жол» реабилитациялык борбору иштейт, байланыш номери +996773741191.

Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:

«Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;

«Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;

«Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;

«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;

«Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;

«Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;

«Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;

«Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;

«Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;

«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;

«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;

«Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;

Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;

Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;

Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.