Бишкек: Зордукталды делген 13 жашар кыздын ата-энеси «үч милиционерди» жоопко тартууну талап кылды

Бишкекте зордукталды делген 13 жашар кыздын ата-энеси Адыл Акжол уулунун Youtube-каналына маек куруп, өспүрүмдү «үч милиция кызматкери дагы сексуалдык катнашка мажбурлаган» деп билдирди.

Буга чейин, 21-февралда, Биринчи май РИИБси 13 жаштагы кызды «зордуктоого» шектеп 19 жаштагы кишини кармаган. Кийин бул ишке милиция кызматкерлеринин да тиешеси бар деген маалымат тараган. Бишкек ШИИББнин ички иликтөө кызматы бул маалыматты териштире баштады.

«Денеңди бизге бересиң»

Жабырлануучу кыздын атасынын айтымында, шектүү жана милиционерлер кызынын уурулугун ашкерелейбиз деп коркутуп, сексуалдык катнашка мажбурлашкан. Ал шектүүлөрдүн бирөөсү камалып, калгандары эркиндикте жүргөнүнө нааразы болду.

«Келинчегим оор операция болуп, биз кыйналып жүргөн учурда, кызым бир дүкөндөн наушник уурдап алган болот. Сатуучу дароо милицияны чакырбай жакын тууганын чакырган. Ал чакырган кишиси келип, кызымды унаасына салып кетип, физикалык жактан жабыркатып, психологиялыке басым кылган. Ал кызыма “10-20 жылга абакка кетип калышың мүмкүн же 50 миң сомдон жогору акча төлөйсүн” деп коркуткан», — дейт ал.

Анын айтымында, кыз сатуучуга үй-бүлөлүк шартын түшүндүрүп, жанындагы миң сомун берип кутулганга аракет кылган. Бирок сатуучу көнбөй бир топ убакыт өткөндөн кийин милицияда иштеген таанышына кабар берген.

«Ал кишинин досубу же жакыныбы билбейм. Бирок милициянын формасын кийген бир адамды чакырып, ошого өткөрүп берет. Ал дагы өзүнүн унаасына салып кетет. Кызым ал адамга “апам ооруп жатат, акчадан кыйналып жатабыз. жанымдагы миң сомду берейин” деген. Бирок милиция кызматкери “сенин бир эле вариантың бар, денеңди бизге бересиң” деп кыйнаган. Ошол күнү түңкү саат 11де унаасында зордуктаган», — дейт ал.

Кыздын атасы шектүүлөрдүн бири кармалган соң кызы өз жанын кыюуга аракеттенгенин билдирди. Бирок аны өспүрүмдүн апасы сактап калган. Атасынын айтымында, кызынын бул аракетинен кийин кармалган шектүүдөн башка дагы үч милиция кызматкери зордуктаганы ачыкка чыгып, алардын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазышкан.

«Кызым өзүн-өзү өлтүрөм деп, аш бычак менен башка бөлмөгө кирип баратканда келинчегим кармап калган. Ошондо гана “мен бул сырды айткандан көрө өлүп алайын дегем” деп айтат. Анан акыры милициялар дагы зордуктап жүргөнүн дагы айтат. Алар кызымды зордуктагандан кийин эч ким арызданбагандан кийин кайра зордуктап башташкан. Экинчи милиция [кызматкери] кызыма “сенин ишиң бүтө элек, үйдөн чык” деп, ээн талаага алып барып зордуктаган. Үчүнчү кызматкер кызды мейманканага алып барып зордуктаган. Мындайча айтканда “бири-бирине сый катары” узатышкан», — деди ал.

Ал эми жабырлануучу кыздын апасы, өзү ооруп жүргөнүнө байланыштуу ошол убакта кызына көп көңүл бура албай калганын айтат. Анын айтымында, окуя болгон күнү кызын достору менен жүрөт деген ой менен аны көзөмөлдөгөн эмес.

«Менин телефонумда кызымдын симкартасы болгон. Ал уктап атканда телефонума кат келет. Аны окусам маскаралаган кат жөнөткөн. Байкап калып, кызымдын атынан мен өзүм кайра жооп жазып, акыры ушул баланы таап, каматтык. Ал 19 жаштагы бала экен күнөсүн мойнуна алды», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Мындан тышкары, жабырлануучу кыздын ата-энеси президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, үч милиция кызматкерине мыйзам боюнча катуу чара корүнү суранды.

Бул боюнча Биринчи май РИИБнын басма сөз кызматы «Клоопко» кармалган биринчи шектүү эки айга камакка алынганын билдирди. Ал эми үч милиция кызматкеринин катыштыгы бар экенин текшерүү үчүн тиешелүү экспертиза дайындаганын жана кошумча маалымат берилерин белгиледи.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

Таласта 13 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап жүргөнү кабарланды

Түптө 8-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калды, милиция териштирүүнү баштады