«Жер талаш». Нарындын тургуну айылдаштарына ок чыгарып, алты киши ооруканага түштү

Нарын районуна караштуу Хутор-Ак-Талаа айылында жер талаштан чыр чыгып, тургундардын бири айылдаштарына ок чыгарды. Алты киши ооруканага түшүп, үчөөнө операция жасалды. Бул тууралуу «Клоопко» Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 7-июль күнү кечики саат 22:48 чамасында болгон. Анда райондук милицияга 30-40 киши К.Б атуу кишинин үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап жатканы тууралуу кабар түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу жөнөп кеткен.

«Күч органын кызматкерлери барган кезде чогулгандар дарбазанын сыртында токтоп турган “Субару-Аутбек” үлгүсүндөгү унааны өрттөп жатканда, үй ээси сактап жүргөн куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарганы аныкталды», — деп белгилешти облустук милициядан.

Мекемеден жаңжалга чейин айыл тургундары эки жаат болуп урушуп, сотко арыз жазышканын белгилешти.

Нарын ОИИБи окуянын келип чыгуу себебин тактап, ага тиешеси бар адамдарды аныктоо жана суракка алуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Жеринен алынган далил заттарга тиешелуу экспертиза дайындалды. Аны менен катар, жабыркагандардын денесиндеги жаракатты аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Жылдыз Айгерчинова операция жасалган үч кишинин абалы оор экенин билдирди. Ал эми жаракат алгандардын абалы орто деп бааланууда.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.