Ош шаарында кайгуул кызматы 31 жаштагы аялдын өмүрүн сактап калышты

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы бешинчи кабаттагы батирден секирүүгө аракет кылган 31 жаштагы аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-июль күнү 15:00 чамасында шаардык милицияга Кулатов кичи районунун тургуну окуя боюнча кабар берген. Ал өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан аял киши секирүүгө аракет кылып жатканын айткан.

Окуя болгон жерге үч милициянын кайгуул кызматкери барып, үйдүн төмөн жагынан аялды алаксытып турушкан. Ал эми бир кызматкер бешинчи кабаттагы батирге кирип, аялды куткарып калууга үлгүргөн.

Милиция кызматкерлери аялды жакындарына өткөрүп беришкен.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 24-июнь күнү Ош шаарында 27 жаштагы кыз Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган.

Жерине төрт куткаруучу барып, альпинисттик жабдыктардын жардамы менен кызды куткарып калышкан.