ӨКМ: Ошто Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

Ош шаарында 27 жаштагы кыз Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылды. Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин кызматкерлери аны куткарып калышты.

Министирликтин маалыматына ылайык, окуя 24-июнь күнү кечки саат жети жарымда катталган. Анда шаар тургуну куткаруу кызматына телефон чалып, Сулайман-Тоодо бир кыз боюн таштоого аракет кылып жатканын айткан.

Жерине төрт куткаруучу барып, альпинисттик жабрыктардын жардамы менен кызды куткарып калышкан. Кыз Төлөйкөн айылынын тургуну экени белгилүү болду. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында дагы Ошто эки окуучу кыз Аскар Шакиров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан боюн таштаган. Алардын бири жеринде каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилген.

Ал эми шаардык милиция окуянын чоо жайын теришитрүүнү убада кылып, буга чейин аталган мектепте суициддин алдын алуу боюнча бир нече ирет профилактикалык, түшүндүрүү иш чаралары өткөрүлгөнүн белгилешкен.

Башкы прокуратураынын расмий маалыматына ылайык, 2020-жылы 44 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Ал эми эки жылда — 2019-2020-жылдары 92 өспүрүм өз жанын кыйса, алардын 73%ын кыздар түзгөн.

Тема боюнча:

Ошто 13 жашар өспүрүм бешинчи кабаттан боюн таштап каза тапты