«Ак Кемеде» бөлмөлөр мыйзамсыз төмөн баада берилип, 7 млн сом зыян тийгени аныкталды

«Ак-Кеме» мейманканасында кызматкерлер номерлердин баасын мыйзамсыз төмөндөтүп жүргөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мейманкананын жетекчилиги 2021-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын апрелине чейин чет өлкөлүк студенттерге бөлмөлөрдү арзан баада берген. Натыйжада мамлекетке 7 млн сомдон ашык материалдык зыян тийгизилген. Мейманкананын жетекчилиги жол берген бузуулар аудиттин жыйынтыгында аныкталган.

Аталган факты боюнча «Ак-Кеме» мейманкана комплексинин мурдагы башчысы Т.Б. кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Тергөө амалдары башталып, комплекстин өзүндө кошумча аудит жүргүзүлөт.

«Ак-Кеме» — Кыгызстан көз карандысыздык алгандан кийин өлкө аймагында курулган алгачкы мейманкана. 2017-жылдын февралында мейманкана Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүлгөн.

2022-жылдын март айында Kaktus.media басылмасынын журналисттери «Ак-Кемеге» барып, «мейманкана индиялык студенттердин жатаканасына айланып кала жаздаганын» айтып беришкен. Басылманын маалыматына ылайык, ал жерде 300дөй индиялык студент жашап жаткан, ал эми имараттын абалы начар болгон.

Журналисттер барганда мейманкананын жетекчиси Эрмек Абдылдаев чет элдик студенттер номерлерге айына 15 миң сомдон төлөп жаташап жатканын айткан. Журналисттер имараттын чатырынан суу өтүп, кабаттарда таштандылар жыйналбай жатканын дагы белгилешкен.

Тема боюнча окуңуз: Жапаровдун тарапташтары «Ак-Кемени» кантип басып алып, ал бийликке келгенге чейин жашады?

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева