Ак үй басылып алынгандан кийин Садыр Жапаровдун тарапкерлери күн сайын Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгып жатты. Нааразылык акцияларына чыгып жатып алар лидери алгач премьер-министр болушуна, андан соң президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетишине жетишти. Коркутуулар аркылуу алар мыйзам боюнча жаңы президент шайланганга чейин мамлекет башчысынын милдетин аткарышы керек болгон спикер Канат Исаевди аталган ыйгарымдарды Жапаровго өткөрсүн деп көшөрүп, талаптарын аткартышты.
Бул убакыт аралыгында аймактардан келген митингчилерге түнөк берилип, транспорт жана тамак-аш менен камсыздап турушкан. Ал эми укук коргоо органдары Жапаровдун тарапташтарына жолобой, алар ӨА режимин жана коменданттык саатты бузуп, козуткан билдирүүлөрду таратканына көз жумган. «Клооп» мамлекеттик делген «Ак-Кеме» мейманканасына митингчилерди ким киргизгенин аныктоого аракет кылды.
Эки жолу басып алуу
Эң алгач, Кыргызстандын ар кайсыл аймактарынан келген митингчилер чакан жана чоңураак мейманканаларга жайгашкан. Болочоктогу президенттин милдетин аткаруучуну колдоо тобунун бири 2017-жылдан бери мамлекеттин балансында турган «Ак-Кеме» отелин басып алган.
Отелдин жетекчилигинин 452 млн сомдон ашык карызы үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) өз карамагына алып койгон болчу. «Ак-Кеменин» директору Руслан Сарымсаков бул «рейдерлик басып алуу» деп билдирүү жасап, бирок отелди кайтарып ала алган эмес.
ММБФ мейманкананы талашка түшкөн мүлктү башкаруу үчүн ошол эле жылы түзүлгөн «Мүлк» мамлекеттик ишканасынан карамагына дароо өткөргөн.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда ишкана 2020-жылдын апрелинде кайрадан каттоодон өтүп, «Объектилерди башкаруу дирекциясы мамлекеттик ишканасы» деп аталып калган.
«Ак-Кеме» мейманканасынын номерлери коронавирус пандемиясы башталганда белгисиз мөөнөткө обсервацияга айланган, андан соң медиктер үчүн карантин зона катары пайдаланылган.
Пандемия учурунда отелди Саламаттык сактоо министрлиги жана ӨКМ тескеп, күтүлүп жаткан коронавирустун экинчи толкуну үчүн камдалган обсервация катары кармалып турган.
«Мүлк», тагырак айтканда азыркы «Объектилерди башкаруу дирекциясын» дээрлик эки жылдан бери Каримов Тариел Келдибекович жетектейт. «Клооптун» журналисттери мамлекетке тийиштүү отелдин аймагында эмненин негизинде демонстранттар жайгаштырылганын Каримовдун өзүнөн сурай алган жок. Анткени “Объектилерди башкаруу дирекциясы” директорунун байланыш телефонун берүүдөн, ал тургай кабылдама аркылуу байланыштыруудан баш тартты.
«Кабылдамада шаардык телефон жок, ал эми кызматкерлердин уюлдук телефондорун бере албайбыз», — деди, мекеменин эсеп-кысап бөлүмүнөн.
Баса, бир гана эсеп-кысап бөлүмүнүн телефон номурун ачык булактардан таба алдык.
«Объектилерди башкаруу дирекциясы» ошол бойдон байланышка чыккан жок. Бирок ушул тапта «Ак-Кемени» жетектеп турган Мунарбек Кадыров менен байланыштык. Отелдин директорунун айтымында, саясий кризис учурунда мейманкананы эки жолу басып алышкан. Экөөндө тең басып алгандар жазаланган эмес.
Анын айтымында, 6-октябярда күндүз «Ак-Кемеге» мурдагы ээси Сарымсаков өзүнүн адамдары менен келип, отелди кайтарып алууга аракет кылган. Сарымсаков өзүнүн күзөтчүлөрүн коюп кеткенден кийин, ошол эле күнү кечинде 70ке жакын адам мейманкананы басып алып, анын күзөтчүлөрүн кууп чыккан. Кечинде басып киргендер өздөрүн «Кырк Уруу Жети Дубан» коомдук кыймылынын өкүлдөрүбүз деп тааныштырган.
«Баскынчылар» отелдеги медиктерди сүрүп чыгарып, мамлекеттик объектти бир апта бою кармап турган.
Кадыровдун айтымында, 6-октябрга чейин «Ак-Кемеде» 40 врач жана медайым бар болчу — бул обсервациялык борбор болгон. Республикалык штабдын протоколуна жана Саламаттык сактоо министрлигинин жарлыгына ылайык, мейманканада коронавирус менен кызыл зонада иштеген медиктер жашап жаткан.
«Алар [“Кырк Уруу Жети Дубан”] кирип алып, 15-октябрга чейин биздин отелде жашашты. Биз аларга болгону орун жай бердик, тамак-аш жана башкаларын өздөрү чечип жатышты», — дейт Кадыров.
Кадыров ошол учурда өзүн ИИМдин башчысы атаган Курсан Асановго жана ӨА учурунда Бишкек шаарынын коменданты катары бекитилген Алмаз Орозалиевге, ошондой эле Бишкек ШИИББ башчысы Канат Жумагазиевге кайрылганын айтат.
«Алар мейманканын кызматкерлерине кысым көрсөтүп, “Мейманкана элдики, бүгүнтөн баштап биз колдонобуз” деп айтып, ээлеп алышты, короого боз үй да тигип алышты», — деп айтылат Кадыровдун укук коргоо органдарына жазган арызында.
Кадыровдун айтымында, 15-октябрда гана отелге милиция кызматкерлери келгенде «баары жай-жайына тарашкан». Дал ошол күнү президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен.
Кадыровдун айтымында, ИИМ, ШИИББ жана комендатура бир апта бою басып алуу болду деп жазылган арызды этибарга албай коюшкан.
«Жагдай ошондой болду, өзүңөр билесиңер да», — деп жыйынтытады ал.
ИИМдин басма сөз кызматы «Клооптун» эмне себептен күч түзүмдөрү бир жума бою кол куушуруп турган деген суроосу менен Бишкек ШИИББге жөнөткөн. Алар болсо дароо жооп бере алган жок.
«Биз [тергөө кызматына] сурам жөнөттүк, алар бизге маалымат бергенде жооп бере алабыз», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.
Анткен менен бир нече күн өткөн соң деле укук коргоо органдарынан жооп алуу мүмкүн болгон жок. Ошол эле учурда басма сөз кызматтан журналисттер мыйзамда аныкталган 14 күндүк мөөнөттө жооп ала алышпайт болушу керек деп айтышты.
«Бул көзкарандысыз процессуалдык орган да, эгер керек деп эсептешсе — маалымат беришет, эгер андай дебесе — жооп беришпейт, алардын кандайдыр бир тергөө сыры болушу мүмкүн», — деп кошумчалашты басма сөз кызматтан.
Кадыров Садыр Жапаровду колдогон топ мейманкада жашап турганда келтирилген чыгым азыр толугу менен эсептелип бүтө электигин белгиледи. Ал чыгымды ким төлөйт, түшүнүксүз.
Аталган кыймылдын беш лидери 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жана саясий кризистен бир нече күн мурда ИИМ тарабынан камакка алынган. Алар менен катар «Кырк Уруу Жети Дубандын» жыйырмадан ашуун өкүлдөрү «региондор аралык кастыкты козутууга» жана бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, беш лидердин төртөө мурда зордуктоо, талап-тоноо жана баңгизаттарын алып өтүү беренелери боюнча соттолгон.
Жоопсуз суроолор
Садыр Жапаровду колдогон адамар тарабынан болгон мыйзам бузуу үчүн ким жоопкерчилик алышы керектигин билүү үчүн биз анын өкүлү, тактап айтканда, анын басма сөз катчысы Дастан Дүйшөкеевге кайрылдык.
Дүйшекеев өзү бошобой жатканын айтып талаштуу суроолорго жооп берген жок. Ал «Клооптун» журналисттерин өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиевге жөнөттү.
Рысалиев суроолорго жооп берүүгө макул болгону менен биз кайрылган учурда бошобой жатканын жана кеңешмеде экенин айтып суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Рысалиевге кайрадан кайрылган учурда ал колу бошогондо «Клооп» менен өзү байланышарын убада кылды.
Үчүнчү аракеттен кийин 28-октябрда, аткаминерди суроого кат түрүндө көз салдыра алууга мүмкүн болду. Андан кийин ал жеткиликсиз болуп, телефон чалууларга жооп бербей калды. 5-ноябрда Дүйшекеевге дагы бир жолу кайрылып, ал да суроого кат түрүндө жооп берүүнү убада кылды. Учурда редакция алардан жооп күтүүдө.
Материалды даярдагандар: Елена Короткова, Айдай Токоева