Аравандык аял 5 жашар кызына ыплас аракеттерди жасаган күйөөсүнө чара көрүлбөй жатканына даттанды

Ош облусунун Араван районунун Чертик айылынын тургуну 24.kg басылмасына күйөөсү беш жаштагы кызына ыплас аракеттерди жасаганын, милиция эч кандай чара көрбөй жатканын билдирди.

Ош ОИИБнин басма сөз кызматынан аталган окуя боюнча аял 2021-жылдын декабрында эле арыз жазганын айтышты. Анда аял күйөөсүн 3 жана 14-декабрь күндөрү жашы жете элек кызына карата ыплас аракеттерди жасаган деп айыптаган.

«Сурак учурунда аял 3-декабрь жана 14-декабрь күндөрү үйүнѳ кирейин деген учурда эшик кулптануу болгонун, эшикти каккылаганда күйөөсү эшикти ачканда шымданып жатканын, үйгѳ киргенде кызын кийиндирип жатып, кызынын буттарында көгөргөн жерлерин байкаганын билдирген», — деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

Милициядан ал убакта кыз социалдык кызматкердин катышуусунда суралганын айтып беришти. Алардын маалыматына ылайык, кыз өзүнүн көрсөтмөсүндө атасы бутунан жана жамбашынан кармап, апасына айтпа деп коркутканын айткан.

«Ал эми аялдын шектүү катары суралган күйөөсү өзүнүн көрсөтмөсүндө ыплас аракеттерди жасабаганын, аялы бул аракети менен жашап жаткан үйдү жана соода-сатык кылган дүкөндү өзүнө өткөрүп алгысы келип жатканын айткан. Анын айтымында, аялы мурда дагы үйдү өз атына каттатууну суранган, ал андан баш тарткан, себеби үйдү жана дүкөндү мурдагы никесинен калган уулуна мураска калтырууну каалаганын билдирген», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

ИИБден ошол кезде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кыздын денесинде жаракаттар, көгөргөн тактар жана анын издери, ошондой эле зомбулуктун башка белгилери аныкталбаганын айтышты.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, экспертиза кыз беш жашка толо элек болгондуктан сырттагы окуяларды туура түшүнүп кабыл албайт деген корутунду да чыгарган. Экспертизага ылайык, кыздын эмоционалдык реакцияларында шек жарата турчу карама-каршылыктар болгон, бул анын жүрүм-турумунда иштин жагдайлары боюнча алгачкы көрсөтмөлөр чындыкка жана ишенимдүү экендигинен күмөн туудурган.

25-декабрда милиция кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Январда Араван райондук прокуратурасы тергөөчүнүн кылмыш иш козгоодон баш тартуу тууралуу чечимин жокко чыгарып, материалдарды кайра баштан текшерүүгө жөнөткөн.

Экинчи текшерүүдөн кийин дагы кылмыш ишин козгоо демилгеси колдоо тапкан эмес. 2022-жылдын июнь айында прокуратура ишти кайрадан тергөө амалдарын жүргүзүүгө жөнөткөн, анда да кылмыш фактысы аныкталган эмес — кылмыш ишин козгоого далилдер жетишсиз болгон.

Кыздын апасы эмне дейт?

Милиция жарым жылдан бери чара көрбөй жатканын кыздын апасы Дүйнөхан Камбарова айтып чыккан.

«Менин күйөөм, кыздарымдын атасы 63 жашта. Буга чейин бир канча жолу үйлөнгөн, мен да буга чейин турмушка чыгып ажырашкам. Биз 2014-жылы баш кошконбуз. Эки кыздуу болдук. Азыр улуусу 6да, кичүүсү төрт жашта. Биринчи кызым үчкө чыкканда мага атасы ич кийимин чечип кытыгылаганын айткан. Ал кезде кичинекей болгондуктан түшүндүрүп деле бере алган эмес», — дейт кыздын апасы.

Аялдын айтымында, кийин кызы атасы бул жоругун унаанын ичинде дагы кайталаганын айтып берген.

«Буттарында көк ала тактар болгон. Ошондо милицияга кайрылдым. Үйгө милиция кызматкери келип, анда күйөөм экинчи андай кылбасын айтып сөз берген. Анан биз чогу жашай бердик», — деп аят.

Мындан тышкары, Камбарова күндөрдүн биринде кызынын бетинин жаак тушу шишип, көңүлү айланып, кускусу келгенин байкаган.

«Ооруканага кайрылдык. Милицияга кайрылайын дегем, бирок күйөөм үйдү жана дүкөндү тартып алайын деп ушундай кылып жатасың деп мага кол көтөргөн. Андан кийин ал Орусияга кетип калды. Кийин кайтып келди, оңолду деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Кызыма спирт ичимдигин бере баштады. Муну ал мите курттардан айыктырам деп түшүндүргөн. Кызым атасы сөөмөйүн салганын айтып берди. Ошондо барып арыз жазганга аргасыз болдум», — деп түшүндүрдү окуянын чоо-жайын Камбарова.

Ошондой эле кыздын апасы 2021-жылдын декабрында арыз жазгандан кийин эле үйдөн кеткенин кошумчалады. Аялдын айтымында, кызы аябай коркуп калган, акыркы жарым жылда мектепке бара элек.

«Милиция кызматкери кызыма суроону кыргызча беришкен, ал түшүнбөй мени карап жатты. Алар [милиция кызматкерлери] кызыңа үйрөтүп жатасың деп чыгышты. Сурактан аябай коркуп чыккан. Көрсө, күйөөм [кызымды] даратканага түртүп, жоголуп кетти деп айтып коём деп коркутчу экен. Милицияга кайрылсаңар өзүңөрдү каматам деп коркуткан. Соттук-медициналык жана башка экспертизалар болгон эмес. Бизди жөн гана дарыгерге жөнөтүп коюшкан. Ал жактан жөн гана жыныс мүчөсүн карап, баары таза деп коюшту. Кандайдыр бир анализ аласыңарбы деп сурадым. Андай шартыбыз жок деп коюшту», — дейт кыздын апасы.

Камбарова суракка чакырылбай, тергөө амалдары жүргүзбөй жатканына даттанды.